www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 19-февралына карата «Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо» долбоорунун алкагында №2 гидроагрегатта демонтаж иштери жигердүү фазасына өттүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирет.
Долбоордун жүрүшүн энергетика министри Таалайбек Ибраев түздөн-түз көзөмөлгө алган.
Долбоордун башкы аткаруучусу — China National Electric Engineering Company (CNEEC) — 2026-жылдын 1-февралына чейин демонтаж иштерине толук даярдыктар көрүлгөн. Иштерди жүргүзүү үчүн 65 адистен турган топ түзүлүп, керектүү курулуш жана көтөрүүчү техникалар мобилизацияланды.
Демонтаж иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө
10-февралда №2 агрегат кабыл алынары менен адистер дароо демонтаж иштерине кирише башташты. Иштер күн сайын саат 7:30дан 21:00гө чейин тынымсыз жүргүзүлүүдө.
16–17-февралдагы Кытай жаңы жылы майрамына карабастан, куруучулар ишти токтотпой, кошумча убакытта иш алып барышууда.
16-февралда генератордун роторун демонтаждоо жана көтөрүү иштери ийгиликтүү аяктады. Учурда генератордун ротору жана статорун ажыратуу иштери жүргүзүлүп жатат.
Мындан аркы бекитилген иш графигине ылайык:
22-февралда генераторду демонтаждоо иштерин аяктоо пландалууда;
февралдын аягы – марттын башында турбинаны демонтаждоо этабына өтүү каралган;
март айынын башында №2 гидроагрегаттагы бардык демонтаж иштерин толук бүтүрүү пландалууда.
Азыркы учурда N2 нидроагреттын баардык демонтаждоо жумуштары бекитилген графиктин негизинде аткарылууда, графиктен артта калуу жок.
Ошол эле учурда жаңы жабдууларды даярдоо иштери кошо жүрүүдө.
№2 агрегат үчүн жаңы генератордун статору монтаждык аянтта толук жыйналып, электрдик сыноолордон ийгиликтүү өтүп,генератордун жаңы ротору 50% чогултулду.
Энергетика — мамлекеттик приоритет
Өлкө жетекчилиги энергетика тармагын стратегиялык багыт катары карап келет. Садыр Жапаров энергетика — бүтүндөй өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизи экенин бир нече ирет белгилеп, бул тармакты улуттук приоритет катары аныктаган.
Үч-Коргон ГЭСиндеги модернизация долбоору — дал ушул мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылып жаткан маанилүү инфраструктуралык кадамдардын бири. Долбоор ийгиликтүү аяктагандан кийин станциянын ишенимдүүлүгү, өндүрүш кубаттуулугу жана энергетикалык коопсуздук көрсөткүчтөрү жогорулайт.