www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров 2026-жылдын 13-февралында парламент тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамына кол койду. Мыйзам коррупциялык кылмыштар менен күрөшүү менен катар, алардын алдын алууга жана коррупциялык тобокелдиктерди башкарууга багытталган.
Аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 «Кыргыз Республикасында 2025–2030-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгынын практикалык уландысы болуп, коррупциялык тобокелдиктерди талдоо, алдын алуу чараларын күчөтүү жана укук бузууларды эсепке алууну санариптештирүү сыяктуу механизмдерди бекемдейт. Ошондой эле ченемдик укуктук актыларды коррупцияга каршы экспертизадан өткөрүү жана прокуратура органдарынын алдында ведомстволор аралык координациялык кеңештерди түзүү каралган.
Бул мыйзамдык жана институционалдык негиздерди ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну күчөтүүдө. Алсак, 18-февралда Башкы прокуратурада Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы миссиясынын башчысы Ханиф Рахемтулла мырза менен жолугушуу болуп, анда антикоррупциялык реформаларды колдоо, прокуратура органдарынын институционалдык потенциалын бекемдөө жана заманбап превентивдик механизмдерди киргизүү маселелери талкууланды. Тараптар улуттук антикоррупциялык стратегияны натыйжалуу ишке ашырууга багытталган кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.