www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн жана КР ЖРЭжТК министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн кызматкерлери Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан жана Нариман айыл аймактарында, Араван районундагы Фергана каналынын жээктеринде аң-уулоо эрежелеринин талаптарынын сакталышы жана ок атуучу куралдардын мыйзамдуулугун көзөмөлдөө максатында кезектеги рейд өткөрүштү.
Натыйжада Папан айыл өкмөтүнүн аймагында шектүү автоунаа токтотулуп, текшерүү учурунда эки аңчылык куралы аныкталды. Алардын биринин тиешелүү документтери жок болуп чыкты жана аң уулоо эрежелеринин талаптарын бузгандыгы аныкталып, ага КР Укук бузуулар кодексинин 263-беренесине ылайык 12 500 сом айыппул салынды.
Ал эми Фергана каналында балык уулоо эрежелерин бузган жарандар кармалып, аларга 5 500 сом айыппул салынды.
Ошентип, жалпы айыппулдун суммасы 18 миң сом болду. Рейддин жүрүшүндө жергиликтүү жарандарга айлана-чөйрөнү коргоо жана аң уулоо эрежелеринин талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү.