www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин биринчи орун басары Гулнур Мамырова менен биргеликте Борбордук Азия өлкөлөрү менен байланыш боюнча делегациянын төрайымы Джузеппина Принчи баштаган Европа парламентинин депутаттары менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү жана илим тармагындагы кызматташуунун келечегин, ошондой эле Erasmus+ программасын мындан ары ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Министр Европа тарапка көрсөтүлүп жаткан бюджеттик колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Учурда Министрлик тарабынан Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасынын билим берүү секторунда реформа жүргүзүү боюнча контракт” бюджеттик колдоо программасы ишке ашырылууда.

Европа Биримдигинин бюджеттик колдоо программасы Кыргызстандын билим берүү системасын комплекстүү модернизациялоого багытталган, анда туруктуу каржылоо, билим берүү процесстерин санариптештирүү, инклюзивдүү чөйрөнү өнүктүрүү, ошондой эле Twinning долбоорунун алкагында алдыңкы европалык тажрыйбаны киргизүү каралган.

 

Последние новости