www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чачтан сүрөт тарта алат белеңиз? - Албетте жок. Бирок биздин атуул чачтан сүрөт тарткандын ыкмасын эң жакшы өздөштүрүп алган. Сүрөттөр кадимки эле сүрөт тартканга куп эле окшош болуп чыга келет. Мында ушундай өнөрдү аркалаган Умар Мажитов - кесиби боюнча чач-тарач. Ал кардарлардын кыркылган чачынан түрдүү сүрөттөрдү, адамдардын портреттерин тартат. Чач менен сүрөт тарткан ал, эмгектерин чет элге тааныткысы келе турганын айтат.
"Мындан 1 жыл мурун кардардын чачын кыркып бүткөндөн кийин жерге түшкөн чачты карасам, кандайдыр бир сүрөткө окшошуп калыптыр. Ошондо, демек, чачтан да сүрөт тартса болот турбайбы деген ой келген. Азыр бир сүрөт тартуу үчүн 45 мүнөттөн 10 саатка чейинки убакыт талап кылынат", - дейт ал.
Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg