www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биздин өлкөдө жаш иш билги кадрлар жетишсиз экени айтылып келет. Жаш кадрлар болсо жумуш жок экенин айтып зар какшайт. Алардын катарындагы Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда иштеп жаткан Эркингүл Койбакова өзүнүн соц баракчасынан “Ыйласаң да, баары бир”. Мен “интерн” болуп бекер иштеп жүргөндө керек болчумун. Эми болсо, менин ордума ординаторлор келишти. Элге жумуш дагы, айлык дагы жетпейт. Мени ооруканага да, үй бүлөлүк медицина борборуна дагы жумушка алуудан баш тартышты. Жакында скальпелди кармаганды унутам! Каякка барарымды билбей калдым”, дейт Койбакова,” – деп жазган Елена Баялинова.
2018-жылдын жайында Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда иштеп жаткан Эркингүл Койбакованын “Фейсбуктагы”: “Ушинтип жашайбыз. Бүгүн менин акчам түгөндү. Бар болчу, бирок мен аны кичинекей, ачка балдары барларга бердим. Маянабыз медиктерди жашабай эле, эптеп тиричилик кылганга мажбурлайт. Үйдөн ун таап, калама жасадым”- деген интернетке жазган билдирүсү коомчулукта кызуу талкууга алынган.
Эркингүл өзүнүн кесибин сүйөөрүн айтып, мындан ары эмне кылуусу керектигин, кандай кадамдарга бараарын билбей турганын айтат.
Булак: NazarNews.kg