www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
5 жаштагы кыздын колун ток менен иштеген эт туурагыч чайнап салган. Кыздын колун сактап калууга ак халатчандар болгон күчүн жумшаган. Учурда кыз өзүн жакшы сезип калган.
Кыздын учурдагы абалы менен Бишкектеги Улуттук оорукананын хирургу Акбар Жороев айтып берди.
- Азыр манжанын тырмак бөлүгүнө жан кириши суроо туудуруп жатат, негизинен баланын абалы дурус, - деди ал.
Эске сала кетсек, Ак халатчандар кыздын колун кайрадан микроскоптун жардамы менен чогулткан. Бул чындыгында уникалдуу көрүнүш. Көпчүлүк учурларда колду сактап калууга мүмкүн болбой калат деген аталган ооруканын бөлүм башчысы.
Булак: NazarNews.kg