www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рамзан Кадыровдун айтымында республикада “мыйзамдагы уурулар” жок, башка маанилүүсү бар. Бул чындык. Бирок сөз Кылмыш кодекси жана Кылмыш процессуалдык кодекси тууралуу болуп жаткан жок. Бул тууралуу “Росбалт” маалымат агенттиги жазып чыкты.

“Грозный” чечен мамлекеттик телерадио корпарациясы Рамзан Кадыровдун  жыл сайын өткөрүп туруучу басма сөз жыйынын чагылдырып берди. Анда Кадыров : “Эч кандай “мыйзамдагы ууруларды” кабыл албаймын. Качандыр бир кезде мен “ууруларды” чакырып, Чечняда “уурулук” иштериңерди таштагыла, бизде андан маанилүүрөөк, жакшыраак мыйзам бар деп айтканмын”,-деп  билдирген.  “Росбалттын” айтымында, чындыгында бул өлкөдө башка мыйзам иштейт.

Агенттиктин маалыматына караганда, Чечняда ырас эле Кадыровдун сөзүнөн кийин “мыйзамдагы ууру” болгон эмес, себеби буга чейин эле ал жок болчу.

Чечендердин арасында кандайдыр бир жаңжал чыга турган болсо, анын ичинде криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрү катышса да кимдики туура деген маселени чечүүнүн эки гана жолу бар:

1-ислам нормасы боюнча, 2-салт, адат менен чечилет. 3-жолдун болушу да мүмкүн эмес. Анткени 3-жолду эч ким түшүнбөйт жана кабыл албайт. Мисалы, маселени чечүү үчүн сен салт боюнча чечейин десең ал эми оппонентиң “мен мыйзамдагы уурумун, андыктан аны уурулук мыйзам менен чечебиз”,- деп айтпайт.

Дайыма ушундай болуп келген. Бирок бул Чечняга гана тиешелүү кырдаал.

Агенттиктин маектешинин айтымында, азыркы учурда Чечня менен элиталык мафиоздун мамилеси төмөндөгү схема аркылуу артка жылдырылууда. Мисалы, Москвада таасирдүү чечен улутундагы Заурдун штаб-квартирасы “Президенттик отелде” жайгашкан. Заур таасирдүү делген “мыйзамдагы уурулар” менен мамилеси жакын. Ошондой эле “№1 ууру” Захарий Калашовдун (жаш Шакро) да мүчөсү болгон. Чечнядагы таасирдүү өкүлдөр кимдир бирөөгө таасирин өткөргүсү келсе, бул маселеге Заур аралашат. Заур-криминалдык чөйрөдөгү абройлуу адам. Ошондуктан, бир канча тараптар бир пикирге келе алышат.

Эгерде кырдаал өтө эле туңгуюк болсо, Чечняда “оор артиллерия”  колдонулат. Ал азыркы учурдагы эң абройлуу крим төбөл Казбек Дукузов. Дукузов 1990-жылдардагы криминалдык согуштун активдүү катышуучусу, жана дайыма “уурулар” менен жакын болуп келген. Анын кандидатурасы “такка” көрсөтүлгөнү менен анын өзү баш тартып койгон.

Бириккен Араб Эмиратында  камалып турганда Дукузов америкалык журналист Пол Хлебниковду өлтүргөндүктө айыпталып, эл аралык издөөгө жарыяланган . Аны түрмөдөн менчик учакка чыгарып, качыруу үчүн бүтүндөй Чечнянын таасирдүү адамдары катышкан.

Маалыматка караганда Казбек азыркы мезгилде Чечняда жашайт, жана ошол жерден мафиоздук дүйнөгө тиешелүү бардык конфликттерди чече алат. Айла жок болуп калганда гана Москвага өзү келбесе, эл аралык издөөдө жүргөндүктөн көзгө чалдыккысы келбейт. Айтмакчы, Дукузов дагы, Кадыров дагы АКШнын санкциялык тизмесине кирген.

Чечнядагы күчтүү криминалдык өкүлдөр бар экенине карабай, дагы бир “криминал генералы” болушун каалашкан.  “№1 мыйзамдагы уурулукка” дабагер катары  Азиз Батукаевди көрүшкөн жана аны Кыргызстандын колониясынан чоң кыйынчылык менен жеке учак аркылуу Грозныйга чыгарып кетишкен. Батукаевдин криминалдык чөйрөдө ири фигура болушу “уурулук дүйнөсүндө” болжолдонгон. Кийин ага башка чечендик “ууру”-Хусейин Ахмедов (Хусеин Көр) кошулган. Бирок алардын таасири чечен диаспорасынын бир аз аймагы менен гана чектелип калган.

Булактын айтымында “криминал генерал” болууга алардын күчтүү таасир этүүчү каражаттар-баңги затка болгон көз карандылык тоскоолдук кылган. Муну Азиз Батукаев менен “ууру” Надир Халифовдун (Лоту Гули) чыры да далилдеди.

Агенттиктин жеке булактарынын айтымына караганда, Салифовго колониядан “мыйзамдагы ууру” Ахмед Домбаев телефон аркылуу чалгандан кийин Батукаевге карата мамилеси солгундаган. Мына ушул окуялардан кийин акырындык менен Батукаевдин аброю түшө баштаган. Ал эми Хусейин Көр болсо, баңги зат менен кармалган.

Чечняда “уурулар” Гилани Алиев (Гилани Такырбаш), Азиз Батукаев (Азиз), Ислам Эдильгереев (Чоң Ислам) жана аларга жакында эле кошулган Ахмед Домбаев да жүрөт. Домбаев абакта көп убакыт отуруп чыккан жана мафия дүйнөсүндөгү таасирдүү өкүлдөр менен активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Учурда дал ушул Домбаевге башкы баа берилүүдө.  

Домбаев — спортчу жана динчил адам. Акыл-эске таасир этүүчү каражаттарды колдонгондугу туурасында ушул убакка чейин байкалган эмес. Дээрлик жаштык чагынан бери ар түрдүү колонияларга түшүп келет. Жаштыгында уурулук жана каракчылыгы үчүн карамлган. Акыркы жолу белгилүү чыр менен түрмөгө түшкөн.

2009-жылы жазында ири кытайлык компания Москвага бут кийимдер партиясын жиберген. Ошол мезгилде төрт фураны Жол коопсуздук кызматынын кызматкерлери токтоткон. Фураларга чечен номерлери менен жол тандабас автоунаалары жакындашкан. Автоунаалардын ичинде 10дой эркек киши жана Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкери Евгений Журавлев да бар болгон. Жашыруун агенттин маалыматына караганда, ал товарлар аткезчилик үчүн колго түшкөн. Жогорудагы топ фураларды товар сактоочу жерден товардын баарын алып качып кетишип, сатып жиберишкен.

Алгач Журавлев колго түшүп, Федералдык коопсуздук кызматынан айдалган. Кийин бул кылмышты уюштурган деп Домбаев кармалды. Ал колонияга 10 жылга кесилип, ошол мезгилде аны “мыйзамдагы ууру” деп “такка” отургузушкан.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости