www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түшүңүздү жоруткуңуз келеби?

Окурмандарыбыздын суроолору боюнча гезитибиздеги "түш жоруу" рубрикабызга байланыштуу суроо-жооп иретиндеги маалыматты кайрадан жарыялап турууну туура көрдүк. Эмесе гезитибиздин ар бир санында түш жоруу боюнча редакция менен тыгыз кызматташкан жорумчу сиздин түшүңүздө көргөн окуялардын түйүнүн чечип, аян түштөрүңүздөрдү жоруп бермекчи. Андыктан 070212 33 44 номерине смс-билдирүү жөнөтүп эч тартынбастан көргөн түшүңүз тууралуу маалымат бериңиз. Сиздин маалыматыңыз ар жуманын ишемби күнү саат 13:00дөн 15:00гө чейин кабыл алынат.

-Түшүмдө мечиттин ичинде намаз окуп жатыптырмын. Бул эмненин белгиси?
Мырзабек, Сокулук району

-Жан дүйнөңүз тазарып ыйманга келип, буга чейинки жаман адаттарыңыздан арыласыз. Көптөн бери жүрөгүңүздү өйүп жүргөн көйгөйлөрүңүз чечилип, көздөгөн максаттарыңызга жетет экенсиз. Алланын ыраазычылыгы үчүн бараткан жолуңуздан жолугуп кайыр сураган адамдарга колуңуздан келген жардамыңызды берип коюңуз.
-Түшүмдө кечеде көз жашымды агызып токтоно албай ыйлап жатыптырмын. Ошол учурда колуна гүл кармап мени көздөй келе жаткан сүйүктүү адамымды көрдүм. Бул эмнеден кабар берет? Альбина, Ноокен району
-Түшүңүздө ыйлаганыңыз түйшүккө салган оор күндөрдөн кутула турган учурдун белгисин билдирет. Качандыр бир учурда жан дүйнөңүздү жабыркатып, жүрөгүңүздү оорутуп кеткен сүйүктүү адамыңыз кайрылып келет окшойт. Ал адамдын колуна гүл кармаганы кеч болсо да кечирим сурап, сиз үчүн баардыгына даяр экенин айтып, көңүлүңүздү алганга колунан келишинче аракет кылганынан кабар берет. Эми аны кечирип жеке мамилеңизди кайрадан мурдагы калыбына келтирүү сиздин чечимиңизге жараша болот.
-Түшүмө арбак кирип артымдан калбай куугунтуктай берет. Бул эмнеси?
Бердибек, Кара-Балта шаары

-Түшкө арбактын киргени-жамандыктын жышааны болуп эсептелинет. Сиз буга чейин пендечиликке алдырып кетирген кемчиликтериңизди оңдогонго аракет кылыңыз. Ал үчүн колунда жокторго садага берип Кудайдан өзүңүзгө ыйман тилеп, билип-билбей кетирген күнөөлөрүңүз үчүн кечирим сурап, намазга жыгылсңцыз боло турган кырсыктын алдын аласыз. Бул сизге эскертүү берген аян түш экен.
-Түшүмдө дайыма бут кийимимди жоготуп жылаңайлак кетем. Бул эмнени билдирет?
Айнагүл, Чолпон-Ата шаары

-Түшүндө бут кийим жоготуу-баскан кадамга жараша туура жыйынтык чыгаруу керек экендгинен кабар берет. Кандай иш болсо да аягына чыгарганга аракет кылыңыз. Сизге ийгилик алып келе турган идеяларды бирөөлөр пайдаланып кетишсе өкүнүп калышыңыз мүмкүн. Ал эми жылаңайлак кеткениңиз-көп нерседен куржалак кала турганыңыздын белгисин билдирет. Ошон үчүн бир Кудайга, анан өзүңүзгө гана бекем ишениңиз.
-Түшүмдө тиштерим күбүлүп эле түшө берет. Бул эмне болушу мүмкүн?
Барчын, Кемин району

-Бул жагымсыз окуянын белгисин билдирет. Алдыда үй-бүлөңүздү кайгыга сала турган окуялар күтүлүүдө. Бул түшүңүз көп кайталанганын алдын ала берилген аян деп билсеңиз болот. Эмесе үйүңүздөн жыт чыгарып атайын курмандык чалып, көзү өтүп кеткен жакын адамдарыңыздын рухуна багыштап куран окутуңуз.
-Акыркы күндөрү түшүмө наристе көп кирчү болду. Эки жаштагы эркек баланы көп жетелеймин. Мындан сырткары каза болгон чоң атам түшүмө киргенде дасторконго чогуу отурабыз. Бирок даам сызбайбыз. Анан, ал мени сапарга узатканда жөнөп кетем. Жолдор узак жана аң-дөңдүү сезилет. Жолдо баратканда көйнөгүмдү таппай көпкө убара болуп жатып ойгонуп кетем. Түшүмдө эмнегедир күндүн көзүн булут каптагансып, айлананы караңгылык каптап турат. Бул эмнени билдирет?
Айгерим, Токмок шаары

-Түшүңүздө бала жетелегениңиз-балалыгыңыздан бери келген наристе касиетиңизди карманышыңыз экендигинен кабар берет. Анан, көзү өткөн адам ар кимдин түшүнө кирсе да дасторкондон эч качан чогуу даам сызбайт. Жашоонун мыйзамы ушундай. Ал эми жолдун аң-дөңдүү болгону жашоодо өзүңүздүн туура багытыңызды таап, ак менен караны ажырата билишиңиз керек. Чоң атаңыз сиз менен дасторкондо чогуу отурганын, менин касиетимди ал деген белгини билдирет. Жолдон жоготуп алып таппай жаткан кийимиңиз касиет болуп эсептелинет. Ошон үчүн Жаратканга "касиетимди сездим" деп улам-улам кайталай берсеңиз, анда энергетикалык күчкө ээ болуп түшүңүз оңолуп калат.

Булак: “Шамбала”

Последние новости