www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-январда Бактен шаарында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков чек ара маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Баткен облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин катышуусундагы координациялык кеңешме өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселени чечүү туруктуу көзөмөлдө. 

«Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо – татаал жана оор процесс. Тажик тарап менен сүйлөшүү процесси туруктуу негизде жүргүзүлүүдө, жумушчу топтор иштеп жатат, тараптар ортосунда белгилүү бир деңгээлде өз ара түшүнүү бар. Кыргыз тарап буга чейин жетишилген келишимдерди карманууда жана чек ара маселелерин тез чечүү максаты бар», - деди Жеңиш Разаков.

Мындан тышкары бир катар унаа жолдорунда биргелешип күзөтүү жүргүзүлүүдө, ошондой эле бир нече жолдордо жол чырактар, байкоо камералары орнотулмакчы.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев жергиликтүү бийлик органдарына өз сунуштарын беришти. Ошондой эле Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Ботобаев мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процесси жөнүндө баяндама жасады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости