www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жасалма кадрдык жүрүштөр

Жаңы жылдык эс алуулардан кийин президенттик аппаратта кадрдык алмашуулар болду. Бул кызматтык жүрүштөр жөн гана “өзгөрүү болду” деген ат менен жасалганы мамлекеттеги ишкерден анча деле кабары жок адамга даана көрүнүп калды. Калпыстыктары оркоюп көрүнүп турат.

Жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башына айтылуу уюштуруучу Кудайберген Базарбаев келди. Бул кишинин адистигинен, мамлекетчилдигинен, ишти тартып кете аларынан кымындай да шегибиз жок. Бирок, Кудайберген Базарбаевдин президенттик аппараттагы маанилүү бул бөлүмгө келгенинин өз себеби бар экени айтылууда. Базарбаевге чейин бөлүм башчы болгон Назгүл Ташпаева аппаратты ичинен иритип, ишти тарта албай койгону белгилүү. Жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнө кыргызча билбеген медикти дайындоо ката болгону башында эле айтылганы эсибизде. Назгүл Ташпаева 2010-жылга чейин өз кесиби медицина жаатында иштеген, карьерасынын гүлдөгөн маалы Бакиевдердин бүрдөгөн кезине туш келип, өкмөттүн аппаратында бөлүм башчы, социалдык өнүктүрүү жана эмгек министри боло калган жайы бар. Бакиевдер куулганда Назгүл Ташпаева кошо кызматтан кол жууган. 2010-жылдан кийин ар түрдүү эл аралык уюмдарда иштеп жүрүп, мамлекеттик кызматта 2018-жылы пайда болду. Өзү түшүнгөн, тиши өткөн тармакты жетектебей, эң оор, маанилүү «жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат» бөлүмүнө башчы болгон. Президенттик аппараттагы бул бөлүм 7-алрелдин катышуучулары менен түз иш-теген бөлүм. 7-алрелде кызматынан кол жууп калган үчүнбү, айтор, 7-апрель революциясынын катышуучуларын жек көрөрүн, алар менен бир да жолу жолукпаганын Апрель баатырлары айтып, сөгүнүп жүрүшөт. Назгүл Ташпаева 2010-жылдан кийин эл аралык уюмдарда, гранттарда иштеген. Аппаратка бөлүм башчы болуп келгени да гранттардан кол үзбөгөнү боюнча УКМКда иштер жыйналганын кулак чалды. Эгер чын эле үчүнчү адамдар аркылуу гранттарды алып жүргөнү далилденсе, бул кылмыш гана эмес, «госизмена» деген статья менен кетерин билишсе керек... Назгүл Ташпаевага чейин бул бөлүмдү кадимки Мира Карыбаева жетектеген. Мира Карыбаеванын фонунда Назгүл Ташпаева кандай иштегенин айтпай эле коёлу, кандай көрүнгөнүн элестетүү эле жетиштүү эмеспи. Президент да, президенттин аппарат башчысы да Назгүл Ташпаева эшектин тушоосун чече албасын түшүнүштү көрүнөт, маанилүү бул бөлүмдүн башчысынан алып ыргытып, ордуна Кудайберген Базарбаевди дайындады. Бирок, иш кыла албай койгон Ташпаеваны эшикке таштап койбой, социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы кылып, кайра президенттик аппаратка чиркеп, сүйрөп алышты. Тилекке каршы, Ташпаевага окшогон иш билбегендерди дароо кесип ыргытып салуунун ордуна, кошо алып жүрө берүүсү кайра эле бийликтин аброюна көлөкө түшүрүп, жасалып жаткан жакшы иштердин баркын, маанисин кетирип жатканында. Быйыл 2010-жылкы 7-апрель революциясынын 10 жылдыгы белгиленгени турат. Бул ишти өткөрүү Назгүл Ташпаевага жүктөлгөнүн уктук. 7-апрелде иштен кол жууган, ошол революциядан кийин 9 жыл мамлекеттик кызматка келе албай жүргөн айымдын 7-апрель революциясынын 10 жылдыгын өткөрүүсүнүн моралдык жагы кандай болот? Жаңы бийликтин келгенине эки жылдан ашып, төрт жылдан аз убактысы калды. Жасалчу ири иштерде таянары президенттик аппарат болуп бериши керек. Бирок президенттик аппараттын ишин артка тартып жаткан «сокур ичегилерди» кесип ыргытып салуунун ордуна, жармаштырып алуу жакшылыкка алып барбайт го? Президенттик аппаратта аты бар, бирок заты жок дагы бир кызматтык жүрүш болду. Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнө Наргиза Мансурова аттуу айым жетекчи болуп келип, бул кызматты эки жылдан бери башкарып келаткан Толгонай Стамалиева президенттин маалымат катчысы болду. Бул кызматтык жүрүш ушунчалык жасалма жана эч маанисиз. Сөз кылып отурууга да арзыбайт.

Алия ТАЯНОВА

Булак: “АЗИЯnews”

Последние новости