www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто мурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевдин иниси Улан Раимбековду сабагандар колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Ош ИИББнин басма-сөз кызматы маалымдады.

Кармалгандар жабырлануучуну сабагандыктарын мойнуна алышкан. “Кылмышка шектүүлөр Өзгөн районунун тургундары, алар Раимбековго кол салып, травматикалык тапанчасына ээлик кылып алышкандыгын моюндашты”, - делет Ош ИИББнин маалыматында.

Буга чейин Улан Раимбековдун токмоктолушуна “Казак” аттуу кылмыштуу топтун мүчөсүнүн тиешеси бар делген божомолдор айтылган.  Бирок Ош ИИББи бул версияны четке какты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости