www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын туристтик деңгээли Кореяда көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын туристтик деңгээлин жана аны өнүктүрүү максатында Кореянын Сеул шаарында “роуд- шоу” өткөрүлдү. Бул тууралуу  КРнын Маданият маалымат жана туризм минстрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаменти, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилигинин жана ПРООНдун көмөгү менен уюштурулду. Туристтик “роуд шоунун” алкагында өлкөнүн туристтик деңгээли тууралуу презентация көргөзүлүп, эки тараптуу кызматташуу жана кол коюуга мүмкүн болгон келишимдерди түзүү максатында кыргыз-корея туроператорлорунун эки тараптуу В2В жолугушуулары өттү.

Бул иш- чарага Кыргызстан тараптан Кыргызстандын курорттук ассоциациясы, "Asia Expeditions", "Ak-Sai Travel", "East West Travel", "C.A.T. Company", "Travel Land Kyrgyzstan", "Novi Nomad", "Best Way" жана "Райан Тур" сыяктуу турбизнес өкүлдөрү катышууда.

Ошондой эле, иш-чаранын алкагында КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу жетекчиликтин деңгээлиндеги ѳкүлдѳр менен жолугушуп, анда Сеул Туристтик Уюму менен (Seoul Tourism Organization) эки тараптуу ведомстволор аралык мамилелерди орнотуу жана ѳз ара кызматташуунун андан аркы кадамдары, 2020-жылдын июнь айында KOTFA (Korea World Travel Fair) эл аралык туристтик кѳргѳзмѳсү менен Азия Регионунун Кѳргѳзмѳсүнүн аянтында Кыргыз Республикасынын катышуусу, Корея Республикасынын “Lotte Hotel & Resort” ири мейманкананын филиалын Кыргыз Республикасынын аймагында ачуу жана “Global & Local Brain Park” менен кол ѳнѳрчүлѳр айылын түзүү жана башка туристтик долбоорлор тууралуу талкууланды.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости