www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таласта кармалган жаралуу ак илбирсти дарылоого акча топтош үчүн банк эсеби ачылып, «РСК банкы» илбирсти дарылоого 50 миң сомдук сертификат берди. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, ак илбирске операция жасалгандан кийин абалы жакшырган. Азыр ал тамак ичип калды.

Белгилей кетсек, 10-январда Кыргыз мамлекеттик агрардык университетинин ветеринардык клиникасында илбирске операция жасалып, анын башына тийген бытыранын 18 калдыгы алынган. Бирок операция болгондон кийин көп өтпөй анын экинчи көзү да көрбөй калган.

Ак илбирсти аткандарды азыр Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин кызматкерлери күч органдары менен чогуу издеп жатышат.

Кызыл китепке кирген жаныбар Таластагы Көк-Ой айылынан жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, кийин Бишкекке жеткирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости