www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Текебаев Шыкмаматовго нааразычылыгын билдирди

Алмамбет Шыкмаматов партиянын сыналган мүчөсү, лидерлеринен болгон. Эң оор, кыйын кезде өзүнүн туруктуулугун, тайманбастыгын көргөзгөн партиялаш-жолдош болду. Партия жөнөткөн баардык кызматтарда ал татыктуу иштеди. Партиянын гана эмес, өлкөнүн ишеничтүү мамлекеттик ишмери катары өзүн көргөзө алды. Албетте, анын күтүүсүздөн кетиши партиянын шансын көбөйткөн жок. Анын бул кадамы жалпы партиялаштар үчүн гана эмес, мен үчүн дагы күтүүсүз болду. Анын сөзүнө ишенсек, Шыкмаматовдун өзү үчүн дагы күтүүсүз болду. Иштин мындай өңүттө өнүгүшү биз үчүн абдан өкүнүчтүү. Кеп шайлоо алдындагы эсеп-кысап, кызыкчылык менен эмес, накта адамгерчилик менен байланышкан өкүнүч. Алмамбет “саясаттан кетпейм, өз ишимди идеологиялык тектеш күчтөр менен улантам” деп айтты. Анын ишине ийгиликтерди каалайбыз. Кайда болсо да ал биздин, “Ата Мекендин” кадры, биз даярдап, Кыргызстанга тартуулаган кадр болуп кала берет.

 

Последние новости