www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Австралиянын жапайы жаратылыш паркында токойдогу өрттөн жабыркаган коалаларга госпиталь ачылды. Бул тууралуу француз маалымат булагы билдирди.

 Күнүнө клиникага жүздөгөн жаныбарлар келип түшөт. Дарылаганга жарабай калган коалалар эвтаназия (атайын каражат менен өмүрүн токтотуу) кылынат. Калган жаныбарларга  жарааттары таңылып, ийне сайышат, ал тургай операция да жасалат.

Маалыматтарга караганда, өрттөн тогуз миң гана коала тирүү калган. Бул кырсыкка чейин континентте 46 миң коала жашачу.

Кырсыктын кесепетинен коаладан сырткары кенгуру, баштыктуу летяга, келемиш жана какадулардын саны кескин азайган.

Баштыктуу летяга

Вертолёт менен жашылчалар ташталды

 

Австралия какадусу

 

Тилсиз жоо буга чейин  8,4 миллион гектарды каптаган.

Өрттүн айынан жегенге азык калбай, жаныбарлардын кырылуусун алдын алуу үчүн вертолёттордон тонналаган сабиз, картошка жана башка жашылчалар ташталууда.

 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости