www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн түндө Баткен районунун Көк-Таш айылында катталган окуя боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМнин орун басары милициянын полковниги Алмаз Орозалиев Баткен районундагы аталган аймакка барып, кызматкерлер менен жолукту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Баткен областындагы коомдук саясий абалды турукташтыруу, коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун толук камсыз кылуу, Тажикстандын укук коргоо органдары менен биргеликте эки тарапта тең түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү жана чек ара кызматтары менен биргеликте чек ара аймактарында коомдук тартипти сактоо максатында кайгуул иш-чараларын күчөтүүнү колго алды.

Эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, болтурбоо максатында милиция кызматкерлерине профилактикалык иштерди күчөтүү боюнча тапшырмалар коюлду. 

Тажик кыргыз чек арасына биргелешкен күзөт күчөтүлүп, күнү-түнү милиция кызматкерлери элдердин коопсуздугун сактоодо. Азыркы учурга кырдаал тынч, ыкчам кырдаал толугу менен көзөмөлдө турат.

Баткен облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери бүгүнкү күндө элдин коопсуздугун  сактоо жана ар кандай мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө боюнча күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости