www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кемин районунда бир нече алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
2025-жылдын 17-декабрында Кемин РИИБге 1988-жылы туулган Б.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында, анын Э. аттуу таанышы 2025-жылдын 27-майында Б.Н. атынан Кемин шаарынын борборунда жайгашкан «Салым-Финанс» банктан 150 000 сом өлчөмүндө насыя алуу үчүн суранып, андан кийин көрсөтүлгөн сумманы алдап алганын билдирген. Шектүү сумманы толук кайтарып берерин убада кылган, бирок азыркыга чейин милдетин аткарбай качып кеткен. Б.Н. чара көрүүнү суранган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.
2026-жылдын 7-мартында Кемин РИИБге 1998-жылы туулган Э.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында, 2025-жылдын 25-майында Ж.Э. анын «Камаз» үлгүсүндөгү автоунаасын жана прицепти 750 000 сомго баалап, бирок ошол сумманын 180 000 сомун гана төлөп, калганын кайтарып берерин убада кылып, милдетин аткарбай качып жүргөнүн билдирген. Э.Ж. чара көрүүнү суранган.
Бул факты боюнча да Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.
Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында аталган кылмыштарды жасоого шектелип, 1988-жылы туулган Ж.Э. кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Азыркы учурда кармалган шектүүнүн башка окшош кылмыштарга тиешеси текшерилүүдө. Тергөө иштери улантылып жатат.
Эгерде сиз шектүүнүн аракетинен зыян тарткан болсоңуз, Кемин РИИБге жеке барып же төмөнкү телефон номурлары аркылуу кайрыла аласыз: 0701 88-62-95, 0312 61-68-41.