www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«АгроСмарт» мамлекеттик мекемеси Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти менен биргеликте «Дотация» автоматташтырылган маалыматтык системасынын (АИС «Дотация») ишке киргизилгенин жарыялайт.

Жаңы санариптик продукт Министрликтин техникалык оператору — «АгроСмарт» мамлекеттик мекемеси тарабынан агроөнөр жай комплексин санариптештирүү саясатын ишке ашыруу жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

АИС «Дотацияны» киргизүү мамлекеттик дотацияларды алуу үчүн арыздарды берүү, кароо жана каттоо процесстерин толук санариптештирүүгө жана автоматташтырууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле система үрөндөрдүн кыймылын мониторинг кылуу жана алардын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө үчүн колдонулат. Бул мамлекеттик колдоону бөлүштүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатып, ресурстардын максатсыз пайдаланылышынын тобокелдиктерин азайтат.

Системанын функционалы айыл чарба өндүрүүчүлөрү тарабынан арыздарды электрондук түрдө берүү, документтерди автоматтык текшерүү, ыйгарым укуктуу органдар тарабынан арыздарды ачык-айкын кароо, ошондой эле берилген дотациялар боюнча бирдиктүү маалымат базасын түзүүнү карайт. Бул арыздарды кароо мөөнөтүн кыйла кыскартып, административдик жүктөмдү азайтып, дыйкандардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн жеңилдетет.

Процесстерди автоматташтыруу бардык жол-жоболордун толук ачыктыгын камсыздап, көзөмөл деңгээлин жогорулатат жана үрөн материалдарынын кыймылын бөлүштүрүүдөн тартып иш жүзүндө колдонулганга чейин бардык этаптарда ыкчам көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

АИС «Дотациянын» ишке киргизилиши агроөнөр жай комплексинин санариптик экосистемасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат жана айыл чарбасына мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү башкаруунун заманбап, ачык жана натыйжалуу системасын түзүүгө багытталган.

Жакынкы убакытта система этап-этабы менен киргизилип, айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик электрондук кызматтар аркылуу жеткиликтүү болот.
 
 

Последние новости