www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ынтымак” командасы Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Дүйнө кубогунун алкагында “Достук” кубогун утту.

"Азаттык" кабарлагандай, Финалда таластык команда Казакстандын “Астана” командасын 10:1 менен эсебинде жеңди. Үчүнчү орунду “Түркстан” командасын 11:3 уткан “Достук командасы алды.

Ал эми клубдар лигасында Дүйнө кубогун “Жаштык” командасы алды. Аталган команда финалда Красноярск командасын 2:0 эсебинде утуп алды. Үчүнчү орунду Өзбекстан ээледи.

1-орунду алган командага 2 млн., 2-орунга 1 млн. жана 3-орунга 800 миң сом берилет.

Ушул эле күнү 45 жаштан жогоркулар арасында Кыргызстан менен Казакстандын көк бөрү командалары беттешип, кыргыз көкбөрүчүлөрү жеңишке жетти.

Мелдешке АКШ, Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Ооганстан жана Кыргызстандын командалары катышты. Жалпысынан 12 команда ойноду.

Көк бөрү боюнча клубдар арасындагы Дүйнө кубогун быйыл алгачкы жолу Кыргызстан өткөрдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости