www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Жо Байден Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын катышуусунда саммит өткөрүүнү пландоодо.

18-августта Forbes АКШ президенти Жо Байдендин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жолдогон катынын текстин жарыялады.

АКШ президенти Жо Байден өз катында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёвди сентябрдын аягында Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясынын ачылышы учурунда өтө турган “Борбор Азия-АКШ” (С5+1) форматындагы биринчи саммитке чакырган.

Gazeta.uz басылмасынын Өзбекстан өкмөтүндөгү өз булагы мындай саммит чындап эле пландалып жатканын жана ал АКШнын демилгеси экенин ырастады.

Жо Байдендин катында АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин жолугушуусу 19 же 20-сентябрга белгиленгени айтылат.

"Мен БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясын чыдамсыздык менен күтүп жатам. Анда биз элибиздин жашоосундагы эң маанилүү маселелер боюнча прогресске жетишебиз. 19-20-сентябрдагы “C5+1” форматындагы расмий жолугушууда сиз мага жана биздин кесиптештерибизге кошулуп, коопсуздук, экономика жана экология чөйрөсүндөгү жалпы максаттарга жетүү үчүн биргелешип иштөөнү кантип уланта аларыбызды талкуулайбыз деп үмүттөнөм”, - деп жазган Жо Байден.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости