www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болгон дарамет. Жеткен акыл ошол болсо айла жок экен. Кыргыздын макал- лакабы качан болсо ташка тамга баскандай өзүн далилдеп турат. "Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" - дегендей бул А.Атамбевдин "көнгөн адаты" кала турган эмес. Кыргыз эли Жараткандын катуу сыноосуна туш болгон эл окшойбуз. Ушундай адам да эл башы болуп 6 жыл мамлекеттин башкы бийлигинде отурду.
"8 де митинг болуп, А.Атамбаев сүйлөйт"- десе мен көптөн үмүт кылыпмын. Кантсе да 2 жылдай үйүндө бекер отуруп калды. Мамлекетти 6 жыл башкарган адам. Көп фактыларды билет. Бош отурганда терең ой жоругандыр.

Өзүнүн аткарбай калган иштерин кайра бир карап чыккандыр. "Аттиң ушул иштерди жасасам мамлекетибиз башкача өнүкмөк экен"- дегендир. Ошодуктан "Мамлекетибиз бүгүн кайсыл жагынан аксап атат. Өсүп-өнүгүш үчүн келечекке кандай кадамдарды жасашыбыз керек. Канткенде экономиканы көтөүп элдин жашоо турмушун жакшыртабыз." - деген маселелер боюнча конкреттүү сунуштарды ортого салат го деп тим эле бүт жумушту жыйыштырып коюп атайлап угуп жатпайымбы.

А.Атамбаевдин 8-июндагы өзү уюштурган митингдеги сөзүн кайта-кайта уксаң деле төрт-беш ооз ганга сөз эсиңде калат экен. "Мен Раим миллионду таанысам, аны менен бөлүшүп жесем өлүп кетейин. С.Жээнбековду Президенттикке көрсөтүп жаңылыптырмын. Сапар Исаков менен Кулматов күнөөсүз отурат. Парламентте чимкириктер отурат. Мен мыкты Президент болгом." - деген гана сөздөр. Болду. Элдин убактысын албай ушул төрт ооз сөздү айтып кетип калса деле болмок.

А.Атамбаев Президент болуп турганда Кыргызстанды канчалаган миллиарддаган доллар карызга батырганын. Анын дээрлик 60-70 проценти коррупционерлердин кекиртегине кеткенин, 6 жыл ичинде миңдеген улан кыздарыбыз тентип чет жерге жумуш издеп кеткенин. "Элди жумуш менен камсыз кылуу"- дегенди ойлоп да койбогонун.Тескерисинче жаштарыбыз четке тентип кеткенине кубангандай иш жасаганын. Мамлекеттик кызматтын кадыр баркын тебелеп тепсеп кетирип, ал тармакта иштемек түгүл өмүрү кылмышкер дегендин жүзүн да көрбөгөн секратарын Кыргыз Республикасынын Генпрокурору кылып, каалаганын каматканын, мектепте бир күн сабак бербеген бейөкмөт уюмда иштеп жүргөн немени Кыргыз Республикасынын билим берүү министри кылып ал тармакты талкалаганын, айдоочусуна "Манас" орденин бергенин кыскасы өз билгениндей чалмакей чалып мыйзам дегенди уруп ойнобой "Мамлекеттин кызыкчылыгы" - дегенди такыр унутуп мамлекеттик бийликтин кадыр баркын өзүнүн "Форум" фирмасынын бир филиалынын деңгээлине түшүргөнүн буга чейин да канча жолу жаздык. Эгер мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө алган мамлекеттик ишмер болсо жок дегенде бош отурганда ушундай кемчиликтерин ойлоп "Аттиң" - дейт эле го. 

Т.Усубалиевдин, А.Масалиевдин кызматтан кеткенден кийинки макалаларын окуп, сүйлөгөн сөздөрүн эстегилечи. Мамлекет. Маслекеттин кызыкчылыгы. Элдин кызыкчылыгы. Экономиканы көтөрүүдөгү кетирилип жаткан кемчилдиктер. Мына ошол адамдарды айтса болот "Мамлекеттик кызыкчылыкты барынан жогору койгон мамлекетти жетектешкен жетекчилер болчу" - деп.

Сүйлөгөн сөзү катын ушактын деңгээлинен жогору чыкпаган А.Атамбаевди "Кыргыз Республикасын 6 жыл башкарган Президент болчу."- деп айткандан уяласың. Болгон деңгээли ушул тура. Бүкүр жөнүндө орустардын орой макалы бар. Кыскасы ошондой экен да.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости