www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Манас Арабаев сотту тескеп турганда жалаа менен далайлар камалып кеткен. Кыргыз олигархтарынын ичинен таланттарды колдогон Рустам Маманов сыяктуу жана элден жеген акчасын ач көздүк менен эч кимге жылдырбаган, «Чык татытпас Чынарбайлар» акча үчүн жанталашып өлө турган сасыкбай көпөстөр да бар. Рустам Маманов көп таланттарды колдоду. Мисалы, Келдибек Ниязовду, Асель Турдалиеваны, Бек Борбиевди, Рахман Разыковду, Гүлнара Кахарованы, Диля Момунованы, «Бешилик"- куудулдар тобун, обончу Абдыманап Төрөбековду, Борончу Кудайбергеновду жана башка толгон, токой таланттарга да, талантсыздарга жардам берди деп. Мен кошумчалай кетейин ал «Кара Жорго» бийине да, кыргыздын тарыхына да, парламент бутагына конуп турушкан, көптөгөн партияларга да жардамын аяган эмес. 2000-2005-жылдагы парламенттин депутаты 50 жаштагы Рустам Маманов 2018-жылы 10- майында камалып, УКМКнын пресс-катчысы Рахат Сулайманов орусча : «В интересах следствия пока не можем сказать о причине задержания», - деген, ал УКМК нын СИЗОсунда ошондон бери жатат.Мунун камалганыны себеби кыргыз элин ороп-чулгап басып келаткан кытайлыктар куруп, Бишкекке дагы кытайлыктарды толтурам деген "Учкун"- концернинин жанындагы көп кабаттуу үйгө каршы кытайлык бизнесменге ыдык көрсөткөн. Кыргызстанда туруп кытайлыктардын алдына бийлейлиби?Бул кыргызча айтканда Рустам Мамановдун азаматтыгы. Бул үй кыргыздыкы болсо экен деп аракет кылган. УКМКнын жүрөгү болсо, чын эле изилдегич  болсо, экс-канайымды сураш керек эле, бул үйдө Раиса Атамбаеванын тумшугу көрүнүп турат. Эмне үчүн ага даай албайт да, анын айынан Рустам Маманов камалыш керек? Раиса Атамбаева кыргыз үчүн Мамановдой эмне кылды? Же президенттин жубайы катары Татарстанга барып: «Душа моя, Татарстан!» -дегени мекенчилдигиби, мейли башка улуту татар кыргыз жараны айтса айта берсин, бирок ал кездеги президенттин жубайы ушул сөздү айтпаш керек эле. Же Бельгияга  барып Брюсселдеги «Сийип жаткан балага» кыргыздын улуттук кийимдерин, калпагын кийгизгени мекенчилдигиби? Ал эми Рустам Маманов мекенчил катары улутубуздун мыктыларын колдоп келди. Бирөө жарым кабар алып жаткандыр, бирок кыргыздын анын көмөгүн алганталанттары,  там айлангыча гана болуп, жакшылыкты унутуп коюшпай, жок дегенде эмне үчүн камалды деп кызыгып коюшса.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости