www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда Кыргыз Республикасынын балансына спонсорлор тарабынан курулган билим берүү комплекси мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 31-октябрында Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү Токбай айылында комплексти Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин балансына өткөрүү боюнча иш-чара болуп өттү.  

Эске салсак, 2018-жылы «Ас-Салам» кайрымдуулук фонду Кувейт мамлекетинин спонсорлорунун эсебинен Токбай айылында билим берүү комплексин салган. Алгач бул жерде жетим балдар окутулаары каралган. Бирок 2 жыл аралыгында ар-кыл бюрократиялык себептерден улам комплексти мамлекетке өткөрүп берүүгө мүмкүн болгон эмес.

Мындан бир канча күн мурда «Ас-Салам» фондунун директору Нурмухамед Миңбаев Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровго аталган маселе менен кайрылып, ал аркылуу маселе ыкчам чечилген.

Ошондой эле премьер-министрдин Басма сөз катчысы Дастан Дюшекеев Садыр Жапаровдун атынан Нурмухамед Миңбаевге ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде «Ас-Салам» фондунун директору Нурмухамед Миңбаев маалымдагандай, курулушка – 2 млн АКШ доллары, анын ичинде уникалдуу жабдууга 400 миң АКШ доллары тартылган. Комплекстин курамына 250 орундук жатакана, фельдшердик-акушердик пункт, жабдылган тигүү жана эмерек цехтери менен окуу комплекси, компьютердик класс, китепкана жана от казандар кирет.  Кызыл-Туу айыл өкмөтү тарабынан аянты 1 га саналган жер тилкеси бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, жакынкы мезгилде аталган комплекс кесиптик-техникалык билим берүү мекемеси катарында пайдаланылаары болжолдонууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости