www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз мушкери Кямран Аббасов Орусиянын жарандыгын алуу үчүн документтерин тапшырды. Бул тууралуу мушкердин кызыкчылыгын коргогон "Prime Fight Management" компаниясынын басма сөз кызматынан билдиришкен.

Маалыматка ылайык, Кямран Аббасов акыркы алты жылдан бери Новороссийск шаарында үй-бүлөсү менен жашап келген. Ал Орусиянын жарандыгын алуу үчүн документ тапшырып, жакынкы аралыкта Орусиянын атынан мелдештерге катышмакчы.

Кямран Аббасов 1993-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Аббасов 6-ноябрда Сингапурда өтө турган "One Matrix II" турниринде америкалык мушкер Жеймс Накашимиге каршы биринчи жолу чемпиондук титулун коргойт. Эки мушкердин беттеши турнирдин негизги беттеши катары өтөт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости