www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупцияны жоюунун эң башкы куралы бул - мамлекеттик саясат, анткени коррупция бардык мамлекеттин тарыхында негизги баш оору болуп, өлкөнүн өнүгүшүнө кедергисин тийгизип келген.

Мен окурмандарга Гонконг коррупцияны кантип жойгондугу тууралуу макаланы тартуулоону чечтим. Бийлик төбөлдөрү кандай кабыл алат өздөрү билсин...

Эл аралык "Transparency International" уюмунун иликтөөлөрү боюнча Гонконг дүйнөдө коррупцияга каршы күрөшкөн мамлекеттердин алдыңкы он сабында турат. Германия менен Австрияны, ал турсун Жапонияны артта калтырат.

Ийгиликтин сыры эмнеде?

Аталган өлкөдө бир кездери коррупция өзүнүн чегине жетип, криминалдар менен укук коргоочулардын айырмасы билинбей калган абалда калганы айтылып келет.

Азыркы биздегидей мамлекет туңгуюкка кептелип, социалдык абал оорлошо баштаганда эрктүү Гонконг бийлиги Ички иштер министрлигине караштуу Коррупцияга каршы башкармалыкты жоюп, ордуна эч кимге көз карандысыз Коррупцияга каршы улуттук комиссияны (ККУК) түзүшөт. Бул кызматты түзүүдө  кызматка  коррупцияга аралашкан бийлик системасында эч качан иштебеген, дымактуу, таза жаштарды конкурстун негизинде тандап алат. Аларды Гонконгдун генерал-губернатору өзү тандаган.

Алты жылдык мөөнөт менен келишимдин негизде ишке кирген бул кадрлар 1974-жылдан 1980-жылга чейин аймактагы коррупциянын ташталканын чыгарышып, криминалдын жолун таптакыр тазалаганга жетишкен. Натыйжада өлкө экономикалык өсүшкө ээ болгон.

ККУК кызматкерлерине мыйзамдуу түрдө кенен укук жана жоопкерчилик жүктөлгөн. Мисалы, аталган комиссия мамлекеттик кандай гана кызматкер болбосун кайсы бир коррупциялык иштерге катышы бар деп шектелсе, аны камакка алууга, кылмышы такталганга чейин абакта кармап турууга укуктуу болушкан. Корупционерди камаш үчүн бийликтен уруксат сурап убакыт коротушкан эмес. Ушундай укуктарын пайдалануу менен ККУК кызматкерлери калкы 5 миллионго жеткен Гонконгдон 200дөн ашуун коррупционерди бир жылдын ичинде кармап, сот жоопкерчилигине тартышкан. Ал тургай бийлигине ишенген кыйын чыкмаларды, караларды коркпостон текшеришкен. Текшерүү эң эле күчтүү фигуралардын бири болгон Гонконг полициясынын башчысына жеткенде ал Лондонго качат. Бирок Гонконг бийлиги кийинки жылы ууруну чет өлкөдөн карматып келип, сот жообуна тартышкан.

Коррупция менен күрөшүүдө алардан сабак алчу дагы бир жагдай – өлкөдөгү мамлекеттик үлкөн чиновниктердин ар бир тыйыны, кирешеси кайдан келип жатканы тууралуу маалымат коомчулукка жарыяланып турган. Тактап айтканда, ар бир мамлекеттик кызматкер тапкан кирешесинин булагын элге өзү маалымдаган. Жалпыга маалымдоо кызматкерлери алар тууралуу үзгүлтүксүз материалдарды жарыялап турушкан. Эгерде ККУК кайсы бир чиновниктин кирешесинен шек санаса, аны дароо камакка алып, текшерүү иштерин баштаган. Эгерде жашыруун кирешеси такталып калса, ал ким экенине карабастан 10 жылдан кем эмес түрмөгө кесилип, бардык мүлкү конфискацияланган.

Статистика боюнча маалыматка таянсак, Гонконгдо 1974-жылы мамлекеттик кызматкерлердин 90% паракорчулук менен чырмалышкан болсо, 2000-жылдары болгону 6% гана коррупцияга шектелген. Учурда дагы 3 пайызга кыскарганы айтылат. Гонконгдун коррупция менен күрөшүнүн жетишкендиктерине бир канча факторлор жөлөк болуп бергенин жашырып болбойт. Мисалы, ККУКтун кызматкерлери ички иштер кызматкерлеринен 20% көп айлык менен камсыз болгон, ошондой эле аларга бир канча мамлекеттик жеңилдиктер каралган.

Эгерде комиссиянын кызматчысы коррупциялык схеманын башын ачса, жашырылган каражаттын кайсы бир бөлүгү ага сыйлык катары берилген. Бирок ошол эле мезгилде антикоррупциялык комитеттин "бөрк ал десе баш алгандар" кездешпеси үчүн аларды коомдук өкүлдөрдөн жана ишкерлерден турган Коомдук комитет көзөмөлдөп турган.

Бизнесмендердин жемкорлукка каршы турушуна паракорчулукка аралашкан көпчүлүк мамлекеттик чиновниктердин мамилеси себеп болгон. Ар убак "крышаларга отметка", уруксат алыш үчүн "шапке" берип, жедеп көңүлү калган ишкерлер бул жараянды болушунча колдоого алып, коррупциялык схемаларды ачыкка чыгарып берип турушкан. Мамлекеттин коррупциясыз келечеги үчүн болгон аракетке ким каршы болмок эле.

Карапайым калк күнү-түнү дебей ККУКтун ишеним телефондоруна тындырбай чалып, кайсы жерде мыйзамга каршы иштер болсо, тез арада жеткирип туруу жоопкерчилигин өз моюндарына алышкан.

Ошентип Гонконг кыска убакыттын аралыгында биз кинодон көрүп жүргөндөй криминалдар менен наркобарондордун өлкөсүнө эмес, дүйнөдөгү бирден бир таза мамлекетке айланган.

Сайпидин Султаналиев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости