www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат, экс-билим берүү министри Каныбек Осмоналиев менен билим берүүнүн сапаты жана Пакистандын Кыргызстандын жогорку окуу жайларын кара тизмеге киргизгени боюнча баарлаштык.

-Каныбек агай, неге Пакистан Кыргызстандын жогорку окуу жайларын кара тизмеге киргизди?                                                                                                                    

-Пакистандын расмий бийлиги мындай кадамга аргасыздан барды. Эртеби - кечби  айлакер, акча жасаганды мыкты өздөштүргөн кээ бир  адамдардын ушундай эл аралык афёрага малынып калышканы чоң жаңжалга алып келээри бизге маалым эле. Алар жөнүндө мен тынбай эле айтып келгемин. Кайра мага каршы кара пиар уюштуруп турушкан. Медициналык факультеттер бир нече ЖОЖдордо ченемсиз эле ачылып кетпедиби. Анын окутуу сапатына көңүл бурган эч ким болбоду. Коммерциялык кызыкчылыктан улам чет элдик студенттер Кыргызстанга күргүштөлүп алынып келине баштады. Айрыкча, кийинки жылдары адамдарынын саны кескин көбөйгөн кошуна өлкөлөр биздин шылуундар үчүн студенттерди алып кирүү булактарына айланышты. Ал өлкөлөр - Пакистан, Индия, Өзбекстан, Иран, Бангладеш, жана башка мамлекеттер. Айыптын баары биздин Билим берүү жана илим министрлигинин чиновниктеринде болду. Алар лицензияларды оңду-солду сатып жатышты. Кадимки эле мал базардын өзү болуп кетти. Анан кайдагы сапат, кайдагы тартип? Акыры жадаганда пакистандыктар биздин кызматтан баш тартып жатышат. Былтыр Өзбекстан Оштон, Жалал-Абаддан медик студенттерин алып чыгып кетишкен. Мындан өткөн шермендечилик барбы? Уят эле болушту. Өлкөбүздүн кадыры кетип жатат. Бул кылмыш иштерин тыкыр изиилдеп, токтотуу зарыл.

-Ошондо менчик окуу жайлар сапатка эмес, сырттан келген студенттердин контрагына басым жасап отуруп, Кыргызстандын имиджине көө сүйкөдүбү?

- Мындай шермендечиликти менчик ЖОЖдор менен мамлекеттик ЖОЖдор бири-биринен өтүп эле жасап жатышат. Кийинкилери, ал турсун, "коммерциялык" студенттердин саны боюнча алдыда келе жатышат. Алардын максаты - акча жасоо.  Маанилүү болгон - окуу сапаты, өлкөнүн аброю аларды түк кызыктырбайт. Мындай көрүнүш 2010-жылдан бери катуу күчөдү.  Билим берүүдөгү коррупция азыр бизде өзүнүн апогейине жетти. Кээ окуу жетекчилери кадимкидей эле кылмыш иштерине өтүп алышты. Бул биздин билим берүү системасынын чоң трагедиясы. Катуу тартип киргизбесек болбой калды. Кеч болуп бара жатат !

-Эми эмне кылышыбыз керек? Абалдан чыгуунун жолу барбы?

-Албетте бар. Бирок, катуу саясий эрк керек. Билим экспорту деген жакшы эле түшүнүктү ЖОЖдордун кээ бир "ишкер" башчылары өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарына эле колдонуп жүрүшөт. Бул чыныгы коррупция! Болгондо дагы мамлекетибиздин абийирин эл аралык деңгээлдерде айрандай төккөн кылмыш! Азыр баардык ЖОЖдордогу медицина факультеттерине катуу ревизия жүргүзүү зарыл. Эч кимисин аяп коюга болбойт. Андан соң же жарыш түрдө эле медицина боюнча окуу стандарттарын жана классификаторлорду кайрадан карап чыгуу абзел. Ар бир ЖОЖдун клиникалык базаларын уюштурууну талап кылуу керек. Лицензиялык жана аттестациялык талаптарга жооп бере албаган ЖОЖдорду жабып салып, анын жетекчилеринин жооптуулугун кароо максатка ылайыктуу. Өкмөт каржы маселесин чечип, медициналык факультеттерди биздин жарандар үчүн жалаң гана бюджеткте окутуу жолун уюштурууга милдеттүү. Чет элдик студенттер үчүн контракттык система кала бергени оң.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости