www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-июлдан бери Чунцин (Түштүк-Батыш Кытай) административдик аймагында 5-июль күнү таңкы саат 7ге карата катуу жааган жамгыр жана андан кийинки сел 15 адамдын өмүрүн алып, төрт адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу NazarNews маалыматтык агенттигине Кытайдын CCTV plus агенттиги билдирди.

Ушан округуна караштуу Баолон шаарчасы табигый кырсыктан эң көп жабыркаган аймактардын бири. Жергиликтүү метеостанция 4-июлда "кызыл" жаан тууралуу эскертүү берип, айылга буга чейин 100 ммден ашык жаан жааган. 

Кырсыктын кесепетинен үч үй урап, экөө олуттуу жабыркаган. Бул үйлөрдүн 17 тургуну жергиликтүү мейманканага убактылуу жайгаштырылды. Жалпысынан нөшөрлөгөн жаандан улам Баолон шаарынын 500дөн ашуун тургуну тез арада коопсуз жайга эвакуацияланган.

Учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости