www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казак эстрада ырчысы Төрегали Төреалинин жубайы күйөөсүнүн башына түшкөн жаңжалдан кийин алгачкы жолу маек берди. Ал кандай жагдай болбосун ырчы күйөөсүнө колдоо көрсөтөөрүн билдирди. 

- Толкун, жолдошуң менен болгон окуя тууралуу эмне айтаарың бар?

- “Эгерде бүткүл дүйнө күйөөмө каршы согуш баштаса, мен анын артында туруп, окторду тапшырам”- деген сөздөр жүрөгүмдө жаңырып турат. Ооба, бүт дүйнө жолдошуңа каршы болгондо, сезимдер такыр башка болот. Бирок Аллах мени бул сыноого даярдады. Мурдагы Толкун өзүн коёрго жер таппай, миллиондогон сын сөздөрдөн ыйлап жибермек. Азыр мунун баарынан жүрөгүмдөгү мээрим, Кудайга болгон ишеним басымдуулук кылып жеңип жатат. Башкалардын алдында жүгүнбөгөнүмө Аллага чексиз шүгүр. Ким жубайынан маанилүүрөөк боло алат? Оор күндөрү үй-бүлөнүн баркын түшүнүп, жолдошумдун кадырын ого бетер баалай баштадым десем болот.  

- Окуя болгон күнү жолдошуңдун жанында болгонсуңбу?

- Ооба, жанында болгом. Алматы шаарына жумуштар менен келип, аэропортко шашып кетип бара жатканбыз. Ошол учурда балдарыбыз мектептен эс алууга чыкканда Кызылорда шаарына алып барып дарылатып, эс алдырып жаткан болчубуз. Сапарга чыгып, балдарыбызга шашып бара жатканда түшкө кирбеген окуя болуп кетти. 

- Төрегалинин адвокаты жолдошуңдун жанында болгонуңду, кош бойлуу экениңди, сени көзгө албай, жолдошуңду катуу кысымга алып кармашканы тууралуу билдирүү айтты эле...

- Ооба, туура мунун баары болгон окуя. Наристе күтүп, кош бойлуу болуп турганыма карабай ызы-чуу салгандары катуу тийди. 

- Учурда жолдошуңдун абалы кандай? 

- Баары жакшы буюрса. Бул күндөр да артта калганына чексиз шүгүр. 

Эскерте кетсек, Төрегали Төреали баңгизатын колдонуп алып унаа айдаганы үчүн 20 суткага камакка алынып, жети жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган. Ошондой эле, Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси "Бийлик өкүлүн мазактоо" боюнча кылмыш иши козголгон.

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес

Булак: NazarNews.kg

Последние новости