www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Токмок-Чүй филиалынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинде коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Токмок-Чүй филиалынын айрым кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Алар Жоопкерчилиги чектелген коомдордун бирине таандык болгон 1330 м2 турак жай эмес мүлктү жана 0,75 га жер тилкесин жеке баюу максатында Кыргыз Республикасынын Н.М. аттуу жаранына мыйзамсыз каттап жиберишкен.  

Бул факты боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Токмок-Чүй филиалынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости