www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жайкы эс алууга кетишкен Жогорку Кеңештин депутаттары казынаны каңтарып эле кетишти окшойт. Себеп дегенде, эмгек өргүүсүнө кетишкен эл өкүлдөрүнүн ар бири бери жагы 500 миң сомдон кем эмес акча алышканы айтылды. Айлыктарын кошкондо андан дагы көп.
Азыркы учурда Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлыгы 80 миңден кем эмес. Ага кошумча майда-барат керектөөлөрүнө делип өзүнчө 40 миң сомдон ашык бөлүнөт. Ошондо айына бери жагы 120 миң сомдон кем эмес айлык алышат. Жардамчы, кеңешчилери болсо 50-60 миң сомдон айлык алышат.
Президент Садыр Жапаров бийликтин эки тизгин бир чылбырын алганда Жогорку Кеңештин депутаттарынын маянасы 25 миң сомдон ашпасын деген буйрук чыгарып жатты эле. Анысын эч ким уруп ойногон жок көрүнөт. Тескерисинче, президенттин буйругунан кийин, депутаттар айлыктарын өчөшкөндөй 3 эседен ашык кылып көтөрүп алышкан.
Ошондо жайкы эс алууга кетишкен Жогорку Кеңештин депутаттарын
айлыгы, отпускнойлору, лечебныйлары, канцелярияга деп алган акчалары, жайкы эс алуусун камсыздаган пансионатты тейлөө үчүн сарпталган каражаттарын кошкондо, жалпы чыгымы казынаны какшытып кеткендей эле болду.
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес
Булак: NazarNews.kg