www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул айымды коомдук телеканалдын эфиринен көрүп тааныганбыз.Өлкөдө болуп аткан окуяны баяндаган диктор айымдын жүзү, үнү ар бир көрүүчүгө тааныш.Бирок айрым бурулуштардан улам журналист, диктор Чынара Капарова кызмат ордун таштаганга аргасыз болгон.Учурда акыйкаттык үчүн күрөшүп аткан журналист элге кызмат кылуунун аракетин көрүп аткан кези.

-Чынара айым, КТРКнын Байкоочу кеңешине талапкерлигиңиз өтпөй калды. Бул да сизге жасалган кезектеги бут тосуубу?

- Албетте бут тосуу. Бул тууралуу журналисттер жазып, эксперттер анализ жасады. Мага бут тоскусу келсе акылдуу жүрүш менен утса болмок. Мисалы, телевидениени менден мыкты билген, коом тааныган адамды мага оппонент кылганда, мүмкүн мен өзүм кетип калмакмын...

-Мурунку жетекчиңиз менен болгон сот иштеринин жыйынтыгында кызмат ордуңузга кайра барышыңыз керек эмес беле? Бирок сизди эфирден көрө алган жокпуз?

- Ооба, мен соттон уткам. Моралдык, материалдык чыгымымды толугу менен төлөп берген. Кызмат ордумду калыбына келтирсин деген соттун чечими менен телевидениеге кайтып барсам “эфирге чыкпайсыз, редакторлук кызматка бош орун жок, кабарчылык милдетти аткарасыз” деди. Бул кызматтан эчак калыптанып өскөм, мен үчүн жат эмес. Бирок муну мен “чыдасаң ушуга иште, чыдабасаң өзүң бил” дегендей кезектеги бут тосуу, кысым катары кабыл алдым. Атүгүл отура турган ордум да башкалардан обочо, чоң студиянын бир бурчунда экен. Ушундай мамиледен кийин өзүм арыз жазып кетип калгам. Бирок бул мени КТРКдан биротоло кетти дегенге жатпайт, Байкоочу кеңешке сынак жарыяланса дагы деле катышам.

-Телеканалдын жетекчиси менен кармашкандан чарчаган жоксузбу?

- Жок, бул кармашуу эмес, бул калыстыкты, чындыкты издөө. Мен алардын жеке жашоосун эмес, иштеги кемчиликтерин гана сындап келе жатам. Буга чейин балдарым мектеп курагында болуп, алардын сабагына, тарбиясына көп убакыт бөлүп кызмат жагынан өзүмдү бир аз чектеп келгем. Эми алар чоңоюп, студент болду. Экөө чет өлкөдө билим алып атышат. Кокус башыбызга кыйынчылык түшсө өздөрү иштеп, жанын багып кетүүгө жарап калышты. Андан улам менде элге кызмат кылууга, өз жумуштарым менен алек болууга көп убакыт артып калды. Байлык топтоо максатым эмес. Максатым - балдарыма мыкты билим берүү жана элге кызмат кылуу.

-Учурда жеке жашооңузга карата ар кандай сөздөр айтылып атат?

- Мындай интрига, ушактарга, майда кептерге кулак салгым да келбейт. Телевидениеде жаңы иштей баштаган жылдары ызаланып ыйлаган күндөрүм болгон. Азыр мен сынып калгыдай жаш кыз эмесмин, кырктын кырына келген, калыптанган айыммын. Мени элге жаман көрсөтөбүз деп атып кайра каарман кылып алышты. Азыр мага колдоо сөздөрүн, жылуу кебин арнаган элдин саны мурдакыга караганда эки эсе көбөйдү.Менин кандай экенимди туугандарым, кайын журтум, дос-тамырларым, кошуналарым жакшы билет. Андыктан мен эч кимдин алдында актангым келбейт.

-Сизди каржылоосуна алган бай демөөрчүсү бар деген кепке кандай жооп бересиз?

- Албетте чындыкка дал келбеген калп! Мен эми мактангандай болбоюн, бала кезимен бардар үй-бүлөдө чоңойгом. Ата-энем биз орто мектепти бүткөндө айылдагы үйдү калтырып, шаарга көчүп келишкен.Борбордон орун-очок алып, жок деген эмне экенин билбей өстүм. Бир туугандарымдын баары ишкерлик менен алектенишет. Кийин да бардар жерге турмушка чыктым. Кайын журтум да жакшы жашашат. Жолдошум каза болгондон кийин тынбай иштеп жашообузду андан ары алып кеттим. Азыр деле тынымсыз иштегеним үчүн жетиштүү жашоодо жашап жатам. Бизде жакшы чыгып келаткан адамдарды желкеден алып жерге көтөрүп чаап, жаманатты кылганды жакшы билишет эмеспи. Ушу жерден баса белгилеп кетейин, ийгиликтүү адамды сөз ээрчийт.

-КТРКдан кеткенде эмне менен алек болуп жүрдүңүз❓ Башка каналдардан иштешүү сунушу болдубу?

- Шакирттериме үч жерде сабак берем.Азыр илимий иштин үстүндө эмгектенип атам. Андан сырткары жеке иштерим бар. КТРКдан кеткенде көп каналдар иштешүүнү сунуш кылышкан. Бирок мен өмүрүмдүн көбүн коомдук каналга арнадым да. Ошол жердин жүзү болдум дегендей. Ал жактан кеткенден кийин башка каналдын жүзү болууну туура көргөн жокмун. Бул менин жан дүйнөмө туура келбеген нерсе. Элдин эсинде КТРКда иштеген журналист, диктор катары калгым келет. Балким жашыраак болсом өзүмдү башка тармактардан деле сынап көрмөк болушум керек.

-Социалдык баракчаңызга түрдүү тамактардын сүрөтүн жүктөп каласыз. Балдарыңыз чет жакта жүрсө кимге тынбай тамак жасайсыз?

- Балдарым чет жакта болгону менен жакында эле эс алууга келип кетишти. Аларга бозо салып берип, быжы жасап тамактын түрү менен кубандырдым. Учурда үйдө туугандарымдын балдары бар. Кайын сиңдилерим келип турушат. Туугандарым, эжелерим байма-бай катташат. Аял катары үйгө келген кишиге даамдап, таптап тамак жасап бергенди жакшы көрөм. Керек болсо конок тоскондо жылкынын этин устукандап деле жиберем.

-Бардар жашоодо жашап атканыңызга эмгекке кошумча сарамжалдуулук да керек болсо керек?

- Ооба, өзүмдү сарамжалдуу айымдардын катарына кошом. Балдарымды да ошол нерсеге үйрөткөм. Бир бөлмөнүн жарыгын пайдаланбасаң өчүрүп кой, чай кайнагандан кийин газды дароо өчүр деген сыяктуу майда нерселерди айтып үйрөткөндөн чарчачу эмесмин. Эгер колдоруна акча берсем канча сомду кайда жумшады, эмне буюм сатып алды деп көзөмөлдөп турам. Кокус пайдасыз буюм сатып алса: “Кана балам, алган буюмуң сага канчалык пайдалуу болду” десем өздөрү да күнөөсүн сезип унчукпай калышчу. Ушул тарбиямдын азыр чет жакта экөөнө тең пайдасы тийип жатат. Мурдакыдай көзөмөлдөбөйм. Бирок мен жөнөткөн акчаны үнөмдүү, орду менен пайдаланып атканына көзүм жетет. Аларга ишенем. Өзүмө деле ар кайсы буюмду обу жок ала бербейм. Бир нерсе сатып алаарда жети өлчөп бир кесем. Эгерде шартым туура келип калса өзүмдү эркелетип, сулуулугума, эс алуума жакшы эле акча жумшап коём.

-Тынымсыз чуркап жүрүп чарчаган учуруңуз болобу?

- Мен тескерисинче чуркап иштеген сайын энергия алам.Эки күн үйдө эс алып жатып калсам үйдү кайра башынан чачып жыйнай бермей адатым бар.Ийгиликке жетүү үчүн аял киши жалкоолуктан арылышы керек.Менден көп эле айымдар сулуулук, ийгилик тууралуу кеңештерди сурашат.Айтып берип кийин ошол кеңешти колдондуңбу десем бир-эки ирет колдонгон болот дагы ошол бойдон таштап салышат.Кылган ишиңен жакшы жыйынтык көрүү үчүн баштаган ишти сөзсүз аягына чыгаруу керек.

Булак: "Lady"

Последние новости