www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нурзат Токтосунова көз жарды

Теле алып баруучу Нурзат Токтосунова көз жарды. Бул тууралуу анын жолдошу Максат Надырбеков билдирди.

"Сүйүнчү! Кудайым бизге кыз берди! Миң шүгүр, баарыңарга биздикиндей кубаныч каалайбыз. Айына жетпей төрөлүп калды, кызыма батаңарды берип койсоңор"- дейт кубанычы менен бөлүшкөн Максат Надырбеков.

Буга чейин, алып баруучу айым көп убакыттан бери балалуу болуу биринчи кыялдарынын бири экенин айтып келген.

Бала жытына мас болгон түгөйлөрдү биз дагы куттуктайбыз! 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости