www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19 вирусунан каза тапкан соӊку эки бейтап кантип ооруну жуктуруп алганы тууралуу Республикалык штаб төмөнкүлөрдү билдирди:

1-учур – Жалал-Абад облусунун тургуну Екатеринбургдан 28-апрелде учуп келген жана алгоритмге ылайык обсервацияга алынган. COVID-19 вирусуна жыйынтыгы тастыкталгандан кийин ал Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасына (РИКО) которулган.

Мурда коштоп жүргөн оорулары: жүрөктүн тубаса ишемиялык илдети, атеросклероз, тубаса бөйрөк жетишсиздиги жана инсулинге көз каранды кант диабети.

2-учур – Бишкек шаарындагы №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун (ҮМБ) медкызматкери буга чейин коронавирусу тастыкталган №3 ҮМБнын кызматкери менен байланышкан. Анда вирус тастыкталгандан кийин, медкызматкер 24-апрелден тарта РИКОдо дарылана баштаган. Бейтапта коронавирус инфекциясы жана оор өткөн эки тараптуу пневмониясы, дем алуу жетишсиздиги жана баш мээсинде шишик диагноздолгон.

Мурда коштоп жүргөн оорулары: гипертониялык оору, атеросклеротикалык кардиосклероз.

КР Өкмөттүн коронавирустан жабыр тарткан медиктерге төлөмдөрдүн тартиби тууралуу чечимине ылайык, дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөнөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости