www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, департаменттин директору А.А. башка жооптуу кызматкерлер менен сүйлөшүп алып, дары-дармектерди тез каттап, сертификат берүү үчүн фармацевтикалык компаниялардан акча алып турган.

«Ошол эле учурда иш жүзүндө лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес, же формалдуу түрдө жүргүзүлгөн. Жооптуу адамдардын мындай аракеттери сапаты сертификациялык талаптарга жооп бербеген медициналык буюмдарды каттоо коркунучун жаратат жана өлкөнүн калкынын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирет», — деп билдирет УКМК.

Департаменттин директору кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочуу жайына камакка алынган.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости