www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бишкек-Баткен" рейсин аткарган учак 1-мартта жарым жолдон артка кайтып, "Манас" эл аралык аэропортуна конду. Жүргүнчү, ырчы Дайыр Исмадияров "Фейсбуктагы" баракчасына "учактын мотору күйдүбү, түшүнүксүз. Жарым жолдон авариялык абалда кайра Бишкекке келип кондук" деп кабарлап, жүргүнчүлөрдүн түшүрүлүп жатканы тартылган видеону жүктөдү.

"Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова Баткенге жол тарткан учак кайра аба майданына конгонун "Азаттыкка" ырастады:

- Учак чындап эле кайра Бишкекке конду. Жүргүнчүлөрдүн баары аман-эсен. Буга эмне себеп болгонун азырынча айта албайбыз. Авиакомпанияда комиссия түзүлүп, себептерин карап жатат. Ошонун жыйынтыгы чыккандан кийин гана жарыялайбыз.

Алия Курбанова кошумчалагандай, авариялык абалда артка кайтууга аргасыз болгон учак "Тез жет" менчик авиакомпаниясына таандык. Интернетте "учактын мотору күйүп, жарылгандыктан артка кайтты" деген маалыматтар тарап жатат. Авиакомпания өзү бул окуя тууралуу комментарий бере элек.

Аба каттамдарына күн-түн байкоо салган Flightradar24 глобалдык кызматынын сайтындагы маалыматка караганда, "Avrojet RJ–85" учагы Британия өндүрүшүнөн 21 жыл мурда чыккан. Бүгүнкү окуя учурунда саатына 552 чакырым ылдамдыкта бараткан, 32 мүнөт учкан. Учакка 99 жүргүнчү батат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости