www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иса Өмүркуловду партиянын катарынан чыгарууда мыйзам эреже сакталган жок. Ирина Карамушкина айтты: "Саясий кеңеште 36 адам бар, анын 10у келип катышты, калганы доверенность берип, кворум болду",- деп. Мен ага эч качан ишенбейм.

Мисалы, Кожобек Рыспаевди партиядан чыгарганда дагы, Иса Өмүркулов доверенность берген деп жарыялашкан. Кийин, анын бербегени ачыкталган. Азыр - Атамбаев баштаган КСДПнын салмагы, күчү деле жок. Алар партиядан чыгарып жатат, бирок фракция партиянын сунушун тоготуп дагы койбой. Атамбаев капа болгон партиялаштарын партиянын катарынан чыгарып ачуусун басып жатат. Мындай кадамы менен кайра ал партиялаштарына жардам берип жатат. Кантип Атамбаевден алыстап кетсем дегендердин, асмандан издегени жерден табылгандай эле...

Дагы убакыттар өтүп, КСДП бөлүнүп кетет же Атамбаев көбүн партмүчөлүктөн чыгарып жатып Карамушкина, Мадеминов, Аттокуровдор эле калышы мүмкүн. Салмактуу, артында электораты бар мүчөлөрү өзүнчө күч болуп партия ачышат же КСДПдан Атамбаевдин өзүн четтетип коюшат. Азыркы Атамбаев башында отурган КСДПнын акыркы аракеттери толук мыйзамсыз. Мамлекетти алдап, элдин көзүн боеп көнүп калгандар - азыр ошол аракетин өзүнүн партиясына кылып жатат.

КСДП - Иса Өмүркуловду катардан чыгарганга макул болгон саясий кеңештин тизмесин чыгарсын. Доверенность берди дегендин 90%ы берген эмеспиз деп айтат. Тизмесин чыгара албайт, анткени чындыгы жок булардын. Атамбаев азыр партиясына көз боемочулук кылып жатса, мурда мамлекетти так ушундай айлакерлик менен алдап, саясатчыларды өкүм зордук менен коркутуп оозун басчу. Чыныгы анын жүзүнүн үлгүсү ушул.

Дайырбек Орунбеков, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости