www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбековдун Турцияга болгон иш сапарын экс-президенттин "троллдору" сынга алып, "Атамбаев сапарларында дайыма Кыргызстанга инвестиция алып келчү, Жээнбеков эч нерсе алып келген жок",-деп жазып жатышат.

2011-жылы Кыргызстандын тышкы карызы 2,6 миллиард доллар болчу. Атамбаев президент болуп, ал алып келген "инвестициялардын" жыйынтыгы менен 2017-жылы тышкы карыз эки эсеге көбөйүп, 4,21 миллиард долларга жеткен.

Максим Бакиев 150 миллион долларга бүтүрмөй болуп жаткан долбоорду, Атамбаев жана анын командасы 386 миллион долларга баалап миллиондорду уурдашкан.

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу, Музейди жаңылоо ж.б ири долбоорлорго алынып келинген "инвестициялар" болчу. Мындай чыккынчылык, жеке кызыкчылык менен алынып келинген карыздын канчалык кереги бар эле?!

Атамбаевдин троллдору мактанып жаткан "инвестициялар" максаттуу жумшалган жок. Карызды Атамбаев алды, анын командасы уурдап, бөлүп кетти. Төлөмү кыргыз элине калды. Атамбаевчилер кыргыз элин мойнуна чейин карызга батырып, өздөрү катарлап хан сарай салып алганына мактанышабы?

Карыз алуу азыркы президентке деле кыйынга турбайт. Бирок, алмайдын бермейи бар! "Мен президент болуп турганда карызды каалаганча ала бергиле",-деп ойду келди ойлонбой иш кылган Атамбаевдей кантип болсун? Карызды алып, пайдасын өзү көрүп, келечек муундун мойнуна миллиарддарды илген Атамбаев мактанбай эле койсо!

Дайырбек Орунбеков, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости