www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Икрамжан Илмияновдун тарапташтары менен чогуу келген агайы:

“Мен Икрамжан Илмияновду чыт курсак кезинен бери билем. Ал кичинесинде эле тың, спортко кызыккан бала болчу. Анын идиреги болгон үчүн ушундай жооптуу кызматтарды  татыктуу аркалады.  

Икрамжан мугалимдин баласы. Чоң атасы айылга үлгү болгон, акылы менен көптөргө кеп-кеңеш берген, жаштарды туура жолго салган адам болчу.

Апасы да жаман жердин кызы эмес... Таятасы уйчуман, таенеси саанчы болчу. Башкача айтканда, Икрамжан ак эмгек менен нан таап жеген адамдардын тукуму. Ал жаман жолго түшө турган адам эмес. Азыр аны бир жактуу каралап, ойго келбеген сөздөрдү айтып, чоң кылмышкердей сүрөттөп жатышат"- дейт.

Белгилей кетсек, "Шопур" деген каймана ат менен таанылган жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары айтылып жүргөн Икрамжан Илмиянов 20-октябрда Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Ага карата Башкы прокуратура 28-сентябрда кылмыш ишин козгогон. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 28-ноябрга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарып, учурда УКМКнын тергөө абагында отурат.

Илмиянов "былтыр жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган" деген айып тагылып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости