www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кумтөр” кени кытайларга сатылганы жатыптыр. “Центерра” аларга сатып, бардык жоопкерчиликтен бошогону  жатат деген маалыматты угуп, экс-депутат Эркингүл Иманкожоевага байланышып, суроолорубузга жооп алдык.

-Эркингүл эже, “Кумтөр” кытай компаниясына сатылып кетсе, экологиялык чыгымды ким төлөйт? 

-“Кумтөрдөгү” абал чыны менен  көйгөйлүү болуп жатат. Анткени, “Кумтөрдө”  Кыргызстан үчүн абдан коркунучтуу  абал жаралып  жатат. Эгерде "Кумтөр" рудник Кытай компаниясына өтүп кете турган болсо, биринчиден экологияга болгон чыгымды төлөбөйт. Экинчиден “хвостохранилище” рекультивация маселеси каралбайт жана коопсуздугуна жооп бербейт. Үчүнчүдөн “трастовый” фонддогу акчанын дайыны да жок болот. Мындан башка да көп маселелер жаралат. Ошон үчүн Кытай компаниясына сатылышына каршы болушубуз керек.

-Сиз Сапар Исаков кыйратып түздүм деген келишимин сындап жүрөсүз. Ал түзгөн  келишимде кандай калпыстыктарга жол берилген? 

-Сапар  Исаковдун чыккынчы келишимин Жогорку Кеңеш кайра баштан  карап чыгышы керек. Ошондой эле парламенттин  пленардык жыйынына  алып чыгып, жооптуу адамдарды чакырып, парламент катуу турушу керек! "Центерра Голд Инк" кампаниясындагы директорлор кеңешинде  Кыргызстандын атынан  отурган эки өкүлдү да чакырып суроо зарыл.  Кыргызстандын атынан директорлор кеңешине мүчө болуп туруп, эмне үчүн кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын  коргобогонун сурашыбыз керек.

Сапар Исаков түзгөн  келишиминде дагы бир чоң маселе бар.  

Айтайын дегеним, аталган келишимдин негизинде  экологиялык чыгымдардын эсебинен көлгө  Чолпон-Атага сууну тазалоочу жай курушмак, ошондой эле экологиялык фонд түзүшмөк. Бири да жасалган жок. Азыр ал акча кайда экенин да сурашыбыз керек. Ал турсун мөңгүлөрдү талкалоого уруксат берген экс-президент Алмазбек Атамбаев менен  Сапар Исаковду “Кумтөр” маселеси боюнча  жоопко тартылышын талап кылышыбыз  керек! Анткени, экс-президент  эртең инаугурация болот деген күнү кечки саат 21.00дө  "Суу кодексине" өзгөтүүгө кол койгон. Ал өзгөртүүдө мөңгүлөрдү талкалоого уруксат берилген. Качкан эки экс-президенттер мындай акмакчылыкка колу барган эмес!

Бул кыргыз тарыхында акмакчылык иш болду. "Сууну кор кылсаң, кор болосун" дейт элде. Кудай сактасын, жаратылыш бир күнү өч алышы мүмкүн. "Центерраны" баардык экологиялык чыгымдарды төлөтүп, рекультивация жасатып, рудникти коопсуз абалга келтиртип анан кетириш керек! Мен ошон үчүн "Кумтөр" кенин улутташтырууга каршы чыккам. Анткени, баардык чыгымдарды төлөп беришин жана рудниктеги коопсуздук абалга алып келүү негизги маселе. Кыргыз мамлекети анын баарын жасоо колунан келбейт. Кээ бирөөлөр түшүнбөй эле Садыр Жапаров улутташтыруу керек десе колдогон жоксуңар деп айтып жатышат. Маселени тереңирээк ойлонуш керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости