www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Редакцияга атайын ат арытып келдим деп Дамира Кадырбаева баш бакты. Көрсө ал Токтогул районундагы Ничке-Сай айылында жашайт экен. Коомдук иштерге активдүү катышып келаткандыгын, адилетсиз иштерге кайдыгер болбостугун айтты. Эңбашкысы — ​камактагы Осмонбек Артыкбаевдин учурдагы абалына санаа тартканы боюнча кеп козгоду. Анда эмесе, сөздү көп чаргытпай ток этер жеринен баштайлы.

— Жалгыз эле Осмонбек Артыкбаев сурак берип жаткан жок да? Бир топ аттуу, баштуу адамдар деле отурбайбы? Эмнеге ага жан тартканыңызды түшүндүрө кетиңизчи?

— Ириде Осмонбектин жергебиздеги кадыр-баркына токтоло кетейин. Көптөн бери ал өз элине жакшылыктарды гана ыролоого аракетин айгинелеп келатат. Кетментөбө эле эмес Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарынын жашоочулары да бул депутат тууралуу көз карашы түз бойдон. Анткени ал дайыма колдон келген жардамын аяган эмес. Мектептерге, маданий борборлорго, таза сууга, жолго каражатын күркүрөтүп берип турган. Ал эми чыгармачыл адамдарга болсо жакындан көмөгүн көрсөтүп келди. Жакырларга, майыптарга колун сунгандан тартынган жок. Ничке-Сайдагы проблемаларды да чечип берип, элдин оң пикирине арзыган. Бир да кишинин ал жөнүндө терс пикирин уга элекмин. Ошондуктан Осмонбектин тагдырына кайдыгер карабагандар миңдеп саналат.

— Ошондо Артыкбаевдин абройун кантип сактап калса болот деп ойлойсуз?

— Болгону эле соттор адилет чечим чыгарышы кажет. Себеби, анын эч кандай жегичтиккке тиешеси жок экендигин иликтегендер өткөндө ачыктап беришпедиби. Эгерде күнөөсү болсо эч кимиси коргой алмак эмес да? Ошондуктан өмүрүндө арамга барбай, маңдай тери менен оокатын кылып келген адамды каралоо туура эмес деп эсептейм. Анын ак экендигине кыпындай да шек жаралбай турат. Элим үчүн иштеп берейин деген адамды неге тебелеп, тепсетип кала беребиз? Таза кишиге колдоо кылганыбыз күнөө болмок беле? Андай болсо биздин мамлекетте акыйкат жок турбайбы деген түшүнүк пайда болору шексиз. Осмонбектин ансыз да ден-соолугу талкаланды, нервине доо кетти. Демек, соттор эски ыкмага салбай, калыстык менен ишке чекит коюшу зарыл. Болбосо шалкы бошоп турган соттор элдин каарына калат.

— Сиздин мындан аркы багытыңыз кандай болот?

— Мен жалгыз эмесмин. Мага окшоп Осмонбектин тагдырына кабатыр болгондордун катмары калың. Негизи элге күйгөн адамды мынчалык кордоштун кереги жок. Ал байлыгын министр болуп иштегенге чейин эле ак эмгеги аркылуу жыйнап алганын баары билет. Артыкбаев алдым-жуттум болсо эбак айыбы ачылып калмак. Эл деген калыс тараза баарын көрүп, калыстап байкап турат. Бир сөз менен айтканда биз Артыкбаевдин арам иштерге аралашканына эч убакта ишенбейбиз. Ушул ойубуздан артка кайтпайбыз.

Ж. Улукшер

Булак: "Ачык сөз"

< Предыдущий

Последние новости