www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бекер жерден парламент төрүнөн министрлерге асылуу болбойт. Тигини өпкөгөөзөртө тепкиле деген ишаарат үстү жактан берилер замат айрым атка жеңил, тайга чак эл өкүлдөрү микрофонду кыса кармап туруп кадимкидей эле кетпейсиңби, жадаттың го –деген кекээрлүү “сүйүүсүн” билдирет. Ошону гана күтүп тургансып дагы бири куду ошол “нотаны” кагазга түшүрүүгө аракетин жасап жиберет. Эмнеге мындай “позага” тигил министр туруп калганын көбү шырп эттирбей эле билет. Чынында эле акыры “каарга” калган жетекчи оңкосунан түшүп берүүгө аргасыз болот.
Арийне, шиши толгон министрлердин катарында ким биринчи болуп турганы байкалып калды. Чамасы саламаттыкты сактоонун билерманы алгачкылардан болуп тактысын бошотот окшоп калды. Космосбекти көктөн жерге түшүрүү мезгили жакындады. Буйруса андан деле кутуласыңар дечи? Бирок, анын ордуна камандай болуп жерди томкоргон бирөө келсе кантесиңер деген киши жок. Мындай иштен кетирүүлөр буга чейин эле болуп келген, боло да берет. Эгерде Космосбек Чолпонбаев кызматтан түшсө таң калбай эле койгула, макулбу? Кызмат колдун кири, аны жуусаң да чамбылала боло берет.
Булак: "Ачык сөз"