www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германияда медайым 5 ымыркайды атайылап өлтүрүүгө аракет кылган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Германиянын Баден-Вюртемберг федералдык аймагында медайым 5 ымыркайды ууландырып өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпталууда. Себеби,  2019-жылдын 20-декабрында Ульм шаарындагы университеттик бейтапканада жаткан 5 ымыркайдын дем алуусу начарлап кеткен. Наристелерди дароо эле бейтапкананын жандандыруу бөлүмүнө которушкан. Алардын үчөөнө жасалма дем алдыруучу аппарат коюлган. Дарыгерлер наристелердин дем алуусу эмнеден улам начарлап кеткенин аныктоого аракет кылышып, балдардын заарасында морфий (курамында баңги заты бар ооруну басаңдатуучу зат) бар экенин аныкташкан.

Аталган окуяны иликтөө үчүн укук коргоо кызматкерлери 20-декабрда нөөмөттө турган 4 медайымды суракка алган. Андан кийин медайымдардын иш орундарын карап, морфий менен сүттүн аралашмасы бар ийне табышкан.

Жыйынтыгында, медайым ымыркайларды атайылап ууландырмакчы болгону айтылган, бирок ал өзүнө карата коюлган айыптарды четке кагууда.

Бирок, аталган аймактын соту тергөө аягына чыкканга чейин шектүүнү абакта калат деген чечим чыгарган.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости