www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов 2-февралда Ош базарына барып элдин жашоосун көрүп келди. Бул кадамын ал Ютубда түз эфир аркылуу чагылдырып, Ютуб колдонуучулар менен түз пикир алышып турду. Андагы колдонуучулар депутаттын бул кадамына ар кандай пикирлери менен бөлүшүп, кээ бирлери депутатты алкаса, башкалары шайлоо жакындап калгандыгы үчүн “пиар”, “показуха” деп аташты.

Депутат буга чейин социалдык тармактагы баракчасына бет капчан сүрөтүн жүктөгөн болчу. Ал сүрөтү да ар кандай пикирлерге жем таштаган эле. Кечээ да Сулаймановдон бет кабын сурап кайрылгандар, базардын абалы тууралуу сунуштар, көйгөйлөр да айтылды.

Алтынбек Сулаймановду базарда көргөндөрдүн бирөөсү “депутаттын колун кармап коёюнчу” деп учурашса, жашы 60ка чамалап калган киши “ушул жашка келип депутатты базарда 1-жолу көрүшүм” деп таң калганын жашырышкан жок.

Андыктан ар бир адамда Алтынбек Сулаймановдун  бул кадамы “пиар”, “показухабы” же чын эле депутат “эл мененби?” деген суроо туулат экен.

Депутат Ош базарында манты жегенге да жетишти

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Ош базарынын мантысынан ооз тийдик )))

Публикация от Алтынбек Сулайманов (@altynbek_sulaimanov)

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости