www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Жогорку Кеңештеги 15 депутатка беш жылдык визасын берген. Буларга бекер берген жок Кыргызстанды бүлүндүргүлө, кокус билинип калсаңар дыргаяктап качып Штатка келгиле, АКШ беш жылдык визасы барларды кор кылбай багып алат дешет. Ооба, алар Шадиев сыяктуу кылгылыкты кылып, кыл жип менен буугандарды кор кылбай багып алышып өздөрүнүн камкордуктарын көрсөтүп жатышат. Ушул 5 жылдык визаны алып кыргызды кайсы жерден бүлүнтөм деп тургандардын арасында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков да бар. Камтама болбогула азыркы “чиништерден” барын күтсө болот:
Дастанбек Жумабеков, Жогорку Кеңештин төрагасы
Каратэден кара поясым бар деп депутаттардын жүрөгүнүн үшүн алган Дастанбек Жумабеков атка мине албай ооп калат. Ошол үчүн эшектерди жок кылбай Дастанбек Жумабековго бирди калтырып коюш керек. Дзю-до боюнча Путинде деле кара пояс бар, бирок кол алдындагыларды чаап салам деп коркутпайт. Дастанбек Жумабеков өзү аз келгенсип жубайына, үч баласына, Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Самат Ибраевге жана эки кеңешчисине АКШга 5 жылдык виза алып берип койгон. “Май кармасаң бармагыңды жала” –дейт эмеспи. Кокус Кыргызстанда ызы-чуу чыкса Дастакең түз эле АКШга сызат. Ал эми Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Самат Ибраев накта чуу куйрук эмеспи. Бул атка минер жөн гана аламдарды талкалабайт, түз эле Манасты талкалайт, ал “Саякбай Манасчы” фондун жетектеп туруп, элдин акчасын күрөп Шабданов Майрамкул менен”Строймир” компаниясын ачып ирип-чирип кеткен. Мунун ириңдерин сыгып салаы десе, Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси катары фискалдык органдарга чоң муштумун көрсөтүп, эбегейсиз суммадагы акчаларды мыйзамсыз уулу Данияр Ибраев менен чет мамлекетке алып чыгып жатышат.Бул тууралуу өзүнгчө кенен маек болор. Эгер Самат Ибраев ажыга барган таза адам болсо, анда неге финполиция, прокуратура, ички иштер органдары тараптан тазалай турган аудитке неге бутун тосот? “Бучука маңка үйүр дегендей спикери Дастанбек Жумабеков болсо аппарат жетекчиси Самат Ибраевдей алкы-бузуктар болот да?! Булар ичип-жеп алып, жоопкерчиликтен качып, АКШты көздөй Шадиевдей сызып кеткиси келип тургандардын катарын толуктайт.
Парламенттин 120 депутаттынын ичинде 15 депутаттын АКШ берген беш жылдык визасы бар:
1. Биринчи орунда СДПК фракциясы турат. СДПКда беш адамдын АКШга беш жылдык визасы бар: Элвира Сурабалдиева, Аида Касмалиева, Дастан Бекешов, Азамат Арапбаев, Жанар Акаев.
2. АКШтын беш жылдык визасын алгандар боюнча экинчи орунда “Кыргызстан” фракциясы турат: Дастанбек Жумабеков, Алмазбек Баатырбеков, Талайбек Масабиров.
3. “Бир бол” фракциясынан фракция жетекчиси Алтынбек Сулайманов баш болуп, Исхак Пирматов төш болуп кошулган. Качып жүргөн Аскар Шадиев да бар.
4. “Манастан Чубак кем бекен?” деген принцип менен “Ата-Мекен” фракциясы алган: Атамбаевге “Кыргыз Эл Баатьырын” бергиси келген Сайдулла Нышанов менен Бахадыр Сулайманов.
5. Бабанов жетектеп келген “Республика-Ата-Журт” фракциясынан Динара Исаева.
6. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Тынчтык Шайназаров.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg