www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчы шаарынын аскер прокуратурасы УКМКнын кызматкери Н.Орозбековго каршы сотко чейинки өндүрүш ишин токтотту.

Кеп журналист Айгүл Такырбашеванын УКМК кызматкери Н.Орозбековго каршы доо арызында. Анда журналист билдиргендей, УКМК кызматкери А.Такырбашева жана А.Хоменконун аброюна шек келтирип, коркутуп-үркүтүүгө алган. Ал иш боюнча сотко чейинки териштирүү 5 айга созулган. Иштин токтолушун тергөө айыпкер тараптан күбөлөрдүн жоктугу менен түшүндүргөн.

Бирок, атайын кызматтын өкүлү ЖМК мыйзамын бузгандыгы аныкталган. Анда жаран эч тоскоолдуксуз, эркин маалымат топтоого жана фото, видео жүргүзүүгө укуктуу экендиги айтылган.

Ошондон улам УКМК кызматкери Н.Орозбековго сөгүш жарыяланган. Эгерде ал кызматкердин жеке баракчасында (личное дело) дагы бир сөгүш жарылангандыгы тууралуу чечим чыкса анда ал иштен алына тургандыгы айтылат. Бирок, арыз ээси А.Такырбашева Н.Орозбековго кабыл алынган чечим өтө жеңил экендигин айтып, учурда медиа юристтерден кеңеш алууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости