www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев парламенттин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү, коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетте кылмыш-процесстик кодекске сунушталган өзгөртүүлөр талкууланып жатканда билдирди.
Бекешов белгилегендей, камакка алынгандарды кармоо үчүн бюджеттен жылына 300 млн сом сарпталат. Жаза аткаруу кызматы менен тергөөнүн убактылуу кармоочу жайына 200 млн сом, УКМКга 100 млн сом кетет.
«Кодекстеги күрөө коюуга байланыштуу берене азыркыга чейин иштей элек. Эгерде адам экономикалык кылмыш жасаса, анда ал күрөө коюу менен камактан бошотулушу керек. Күрөөгө коюла турган акчасы жок болсо, качып кетпөө боюнча тилкаты менен бошотулса деле болот. Ал качып кетсе, баары бир акчасы калып жатпайбы», — деди Бекешев.
Булак: NazarNews.kg