www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-ажо Алмазбек Атамбаев бийликке келе электе демократ, сөз эркиндиги үчүн жанын аябаган, коррупция менен күрөшкөн адам катары бааланып келген. Тилекке каршы, Атамбаевдин чыныгы жүзү бийликке келгенден кийин көрүндү. Анын кулачын кенен жайган коррупциялык иштеринин былыктары, мамлекетке келтирген ири зыяндары тууралуу чекесинен билинип, ачыкка чыгып жатат. Иш жүзүндө ал Акаев менен Бакиевден эки-үч эсе аша чаап кетти десек жаңылбайбыз. Атамбаев убагында эгер бийликке келсе бир айга жеткирбей Кумтөр алтын кенине байланышкан уурулук фактыларына акыркы чекиттин коюлушу боюнча чечкиндүү кадамга бара тургандыгын айткан.

Бирок, ал уурулукка чекит коюп, аны токтотмок тургай, өзү баш-оту менен уурулукка кирип кеткени баарына көрүнүп калды. Ал эми Жерүй, түндүк-түштүк жолунун курулушу, Датка, Кемин долбоорлорунда, Бишкек жылуулук электр борборун реконструкцияланышында баалардын 2-3 эседен көп көрсөтүлүп, эбегейсиз акчалардын жең ичинен кымырылып алынып кетиши, Кыргызгаздын бир долларга бааланышы, үч жыл мурун Дача-СУда кулаган учактын ичиндеги жүктүн Атамбаевге, же болбосо, анын жубайы Раиса Атамбаевга таандык экендиги тууралуу чуулгандуу кептер тегин жерден айтылган жок. Булардын ар биринде Атамбаевдин жана анын айланасындагы жакын адамдардын үлүшү болгондугун адистер, эксперттер тынбай айтып жатышат.

Акыры Атамбаев кыргыз элин, кыргыз мамлекетин экономикага көз каранды, саясый туткунга айлантты. Андыктан, Президент Сооронбай Жээнбеков курамына эксперттер, тиешелүү органдардын адистери кирген комиссия түздүрүп, Атамбаевдин катышы бар коррупциялык схемаларды иликтөөгө алышы абзел. Эгер анын кылган кылмыштары аныкталса, кыргыз элинин алдында мыйзамдын чегинде жоопко тартылышы керек. Бирок, иш жүзүндө эл Атамбаевдин өзү жанын сабап айтып жаткандай, ак, так экендигине ишенбей турат. Эл ага арткан жоопкерчиликти, ишенимди актаган жок, тескерисинче, мамлекетти өргө эмес, көргө тартты. Атамбаевдин күнөөчү болсо жазасыз калбашы керек. Атамбаевдин оппозиция саясатчыларынан өч алуу аракеттерин, алардын байлыгын тартып алуу мүдөөсүн эл көрүп турат, ал жеке максаттарын ишке ашыруу үчүн канчалаган саясатчыларды камакка алды, алардын айрымдары чет өлкөгө качууга мажбур болушту.

Мисалы, он бир уйгурдун колго түшүрүлбөй, чек арадан атылып өлтүрүлүшүндө дагы Атамбаев жоопкерчиликке тартылышы керек. Тилекке каршы, кыргыз эли саясий денгээли пас, саясий эрки бошоң, акыл-эси менен аң-сезими ушакчы аялдын деңгээлинен көтөрүлө албаган, оозуна алы жетпеген президентке туш болгону элибиздин шорун катырды. Ал өч алуу максатында Акматбек Келдибековду болбогон шылтоо менен камакка алдырды. Бир жарым жыл камакта отурган Келдибековдун күнөөсүн тергөөчү бир дагы жолу далилдей алган эмес. Ошол эле убакта Атамбаевдин жактоочулары кара пиар менен алектенишип, камакта отурган Келдибековду КТР аркылуу жаманатты кылып, кары-картандардын пенсиясын уурдап алган деп айттырды. Бирок, соттон дагы далили жок болгондуктан, сот жана КР. Жогорку Соту аргасыздан Келдибековду бошотууга туура келди.

Албетте, Акматбек Келдибековду жалган жеринен камагандыгы үчүн Алай эли, укук коргоочулар, эркин журналисттер, активисттер тикебизден тик туруп, чындыкты айтып, коргоп бердик. Мына ошондо КРнын Башкы прокуратурасынын алдына барып, Аида Салянованы “эсиңе кел, жалган жеринен камакка алдың” - деп митингде мен да тургам. Ошондо Атамбаевдин кошоматчылары келип, “Келдибековго эмнеге болушуп жатасын, ал коррупционер” деп чыгышкан, мен аларга “Убакыт өтөт, Атамбаевдин итчилигин ошондо көрөсүнөр” – деп анын таламын талашкам. “Ак ийилет, сынбайт” дегендей, мына Акматбек Келдибековдун азыр эл алдында жүзү жарык, өз оокатын кылып, эмгегин элге арнап жатат.

Ал эми Атамбаев эл-журттан чыгып, достору сатып кетти. Камакка алынса, анын айланысында кошо ичишип, жешкен жакындары дагы жоопкерчиликке тартылат. Темир тордун артында гана Атамбаев итчилигин түшүнөт болуш керек, ким билет, балким, кошоматчыларды дос кылып жүргөн пенде күнөөсүн сезбей, кайра бирөөдөн көрөт чыгар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости