www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери боюнча бүгүн, 12-декабрда саат 16:00дө Жогорку Кеңеште Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Башкы прокуратуранын маалыматы угулат.

Бүгүн парламенттеги “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабиров ушундай сунуш киргизип, эл өкүлдөрү аны колдоду.

"Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бабанов боюнча ишти карап чыкса болот деп айтты. Саясий куугунтук болбосо дейм. Аны биз Жогорку Кеңеш карап угуп койбосок болбойт. Өмүрбек Бабанов жөн эле көчөдө жүргөн адам эмес. Ал президенттик шайлоодо экинчи орунду алган", — деди Сабиров.

Белгилей кетсек, 10-декабрда, экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына берген маегинде Бабанов улуттар аралык кастыкты козутпаганын жана ага Он-Адыр айылында айткан сөздөрү боюнча козголгон ишти токтотуу керек деген пикирин президент Сооронбай Жээнбековго айтканын билдирген. Буга мамлекет башчысы макул болгонун кошумчалаган.

"Республика - Ата Журт" фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, учурдагы президент Сооронбай Жээнбековго утулуп калган.

Ошол эле жылы 4-ноябрда "анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет" деген негизде Башкы прокуратура иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген. Бабановго "бийликти басып алууга даярдык көрүү" деген айып менен да иш козголгону кабарланган.

Бул айыптоолорду четке каккан Бабанов өлкөдөн чыгып кетип, кийин депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган. Жана дагы өзүнө карата козголгон иш жабыла турган болсо, ал мекенге бүгүн кайтууга даяр экендиги айтылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости