www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Дастан Исламович, 28-январь күнү өткөн жыйында “Кумтөрдү” улутташтыруу же баардык келишимдерди денонсация кылуу жөнүндө мыйзам долбоору сунушталган кеңешмеге катыштыңыз. Сиз кыска сүйлөп, эки сунушка тең каршы пикириңизди айтып, бөлөк жол менен маселе чечүү мүмкүнчүлүгү бар дедиңиз. Ал кандай жол? Ишке ашабы?

— Улуттуштыруу өтө опурталдуу. Менчик ишкананы мамлекеттин ээлигине алуу Кыргызстан жөнүндө терс пикир жаратып, узакка созулган чырга учуратат. Денонсация деле эл аралык сотко алып барат. Үчүнчү жол Кыргызстандын жеңишин камсыздайт жана бери дегенде эки миллиард доллар өндүрүп алганга шарт түзөт. Мен бул жолду кат жүзүндө жыйындын уюштуруучуларына жазып бердим.

— Жазып бергениңизди мен дагы окудум. 27 барак тиркемеси бар экен. Далайы түшүнүксүз… Бир сөз менен айтып берсеңиз болобу?

— Эгин эгип, бир айдан кийин түшүмүн алуу мүмкүн эмес. Түшүмгө түйшүктүү эмгек жеткизет. Бир сөз менен айтып берүү мүмкүн эмес. Бул узак сөздү талап кылат. Атайын чоң маек куруу керек.

— “Кумтөр” маселеси элди кызыктырат. Кийинки сандарыбызда бул маселени кенен чагылдырганга окурмандарыбызга убада берелик. “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу 2016-жылы сиз да камалгансыз. Ал иш эмне менен бүттү?

— “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланышы бар деп мени жаманатты кылып, мыйзамсыз, негизсиз, далилсиз камашты. Элге Хоменюк берген көрсөтмөнүн негизинде деп жалган маалымат таратышты. Бир айдан кийин Хоменюк “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, “Сарыгуловдун камалганына негиз болчу бир дагы маалымат берген эмесмин. Бул камакка алуу “Кумтөргө” тийешеси жок, Кыргызстандын тчки саясатына байланыштуу” деп айтты. Чын эле ошондой болуп чыкты. Камакка алгандан кийин мага “Кумтөргө” байланыштуу айып коюшкан жок. Анткени, ага негиз жок эле.

— Андай болсо, сизди эмне үчүн эркиндикке чыгарбады?

— Мага эч бир негизи, далили, фактысы жок мамлекетке чыккынчылык кылды (государственная измена) деген айып коюп, жөн эле (формально) 4–5 суроо берип, протокол жазып коюшту. Эртеси күнү үйүмдө бир нече саатка созулган тинтүү жүргүзүштү. Издегени алтын, акча, Асанов, Кадыровго байланыштуу далилдер болду окшойт. Бирок, андай далилдер жок болуп чыкты. Мага каршы бир дагы илинчээк издеп табышкан жок.

— Сиз 2006-жылы Мамкатчы кызматын өз каалооңуз менен өткөрүп бергениңизди билебиз. Анан кантип 10 жыл өткөндөн кийин сизге мамлекетке чыккынчылык кылдың деп айып коюшту? Анын үстүнө эл сизди мекенчил, улутка күйгөн, таза адам деп билет. Ырас, кийин катуу ооруп элге көп чыкпай калды деп угуп жүрдүк…

— Ошону билген үчүн УКМК мага чыккынчылык кылдың деген айып коюлганын элден жашырып айтпай, “Кумтөрдөгү” коррупцияга тийешеси бар деп элге жалган маалымат таратып жатты. Албетте, эл ага ишенип, саясый каршылаштарым “Ырас болду, эми түрмөдөн чыкпайт” деп кубанып, айрымдары белгилеп да жиберишти.

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости